Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө»жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 7-майындагы
287 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин Медициналык жардамдын
жогорку технологиялык (кымбат баалуу)
түрлөрүнүн фонду жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-майындагы № 288, 2012-жылдын 11-июнундагы №389
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары
3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын каражаттарын
бөлүштүрүү (квоталоо)
4. Калк менен ишти уюштуруу
5. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-
налык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду
(мындан ары - ЖТФ) алардын наркын жарым-жартылай же толук жабуу жолу
менен республиканын калкы үчүн медициналык жардамдын жогорку технологи-
ялык жана кымбат баалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында
өз ишин жүргүзөт.
2. ЖТФнын каражаттарынын тескөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.
3. ЖТФнын иштешинин негизги принциби болуп каржылоо көлөмдөрүнүн
ачык-айкындыгы, калк үчүн жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кыз-
маттарга бирдей экономикалык жана табигый жетүү, каражаттарды максаттуу
жана сарамжалдуу пайдалануу эсептелет.
4. ЖТФнын каражаттары төмөнкүдөй формада калкка медициналык жар-
дамдын жогорку технологиялык же кымбат баалуу түрлөрүн каржылоого гана
пайдаланылат:
- жогорку квалификациялуу адистерди тартып, жогорку технологиялык
жабдууларды, кымбат баалуу медикаменттерди жана медициналык арналыштагы
буюмдарды пайдалануу менен оорулууларга пландуу жана ургенттүү стацио-
нардык жардам көрсөтүү;
- амбулаториялык процедуралардын жана дарылоонун, ошондой эле ла-
бораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн жогорку технологиялык
жана кымбат баалуу түрлөрүн жүргүзүү.
- медициналык жардамдын жогорку технологиялуу же кымбат баалуу түр-
лөрүн көрсөтүү үчүн, жогорку технологиялуу кымбат баалуу жабдыктарды,
медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ЖТФнын каражаттарынын эсебинен медициналык жардам Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык жардамдын жогорку
технологиялык жана кымбат баалуу түрлөрүнүн тизмесинин жана кызмат көр-
сөтүүлөрдүн саны жана аларды каржылоо боюнча бир жылга белгиленген кво-
танын чектеринде калкка көрсөтүлөт.
2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары
6. ЖТФ төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- гуманитардык жардамдын;
- ЖТФнын максаттарына каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн.
3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын
каражаттарын бөлүштүрүү (квоталоо)
7. Региондорго карата саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын ка-
ражаттарын бөлүштүрүүнү (квоталоону) республиканын жогорку технология-
лар жаатындагы жетектөөчү адистеринен турган Кыргыз Республикасынын Са-
ламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы (мындан ары - экс-
перттик комиссия) жүргүзөт.
8. Эксперттик комиссиянын сандык курамын жана ал жөнүндө жобону
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
9. Саламаттык сактоо уюмдарын квоталоо төмөнкүлөрдүн негизинде
жүргүзүлөт:
- жалпы Тизмеден жогорку технологиялык жана кымбат баалуу медици-
налык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн алдыдагы жылда каржылоо үчүн
кабыл алынгандардын;
- жашаган жери боюнча региондорго карата оорулуулардын санынын
көрсөткүчүн чагылдыруу менен белгиленген тизме боюнча кызмат көрсөтүүчү
саламаттык сактоо уюмдарынын арыздарынын;
- оорулуулардын саны, көрсөтүлүүчү жогорку технологиялык жана кым-
бат баалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн прейскуранттык
наркы жана ЖТФнын каражаттарынын эсебинен аларды жабуу нормативи боюнча
саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо муктаждыктарынын.
10. Региондорду квоталоо ушул Кызмат көрсөтүүчүлөргө түшкөн арыз-
дардын жалпы саны боюнча ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан
оорулуулардын үлүштөрүнө жараша жогорку технологиялык жана кымбат баа-
луу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча аныкталат.
11. Калкка жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кызматтарды
көрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен эсептешүүлөр ЖТФнын
каражаттарынан, мамлекеттик бюджеттен, милдеттүү медициналык камсыздан-
дыруудан жана калктын тењ төлөөсүнүн жекече өлчөмдөрүнөн кызмат көрсө-
түүлөрдүн прейскуранттык наркын көп каналдуу каржылоо принциби боюнча
жүргүзүлөт.
12. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку технологиялык жана
кымбат баалуу түрлөрүнө баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Калк менен ишти уюштуруу
13. Калк менен иштөө үчүн ЖТФ боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөр
(улуттук борборлор, илимий-изилдөө институттары, республикалык саламат-
тык сактоо уюмдары, облустук бириктирилген ооруканалар) Дарылоо-конт-
ролдоо комиссияларын (мындан ары - ДКК) түзүшөт.
14. ДКК ар бир оорулуунун документин: оорулуунун тарыхынын көчүр-
мөсүн, профилдик адистердин корутундуларын, клиникалык, лабораториялык
жана башка изилдөөлөрдүн натыйжаларын карайт жана дарылоонун зарылдыгы
жана аларды Күтүү баракчасына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Ооруканага жаткыруу үчүн көрсөткүчтөр жок болгон учурда ДКК
жашаган жери боюнча оорулууну андан ары дарылоо үчүн же жакын жайгашкан
профилдүү саламаттык сактоо уюмуна толук сунуштар менен консультациялык
корутунду жиберет.
5. Эсепке алуу жана отчеттуулук
16. Саламаттык сактоо уюмдары оорулуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн
жана кымбат баалуу жана жогорку технологиялык материалдар менен медика-
менттерди эсептен чыгаруу бөлүгүндө жүргүзүлгөн чыгымдардын эсебин алат
жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен фор-
ма боюнча отчет берет.
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жалпысы-
нан республика боюнча жана облустарга, Бишкек жана Ош шаарларына карата
көрсөтүлгөн жогорку технологиялык же кымбат баалуу медициналык кызмат
көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн көлөмдөрү, диагноздор боюнча оорулуулардын
саны жөнүндө топтомо отчет түзөт.
18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги квартал
сайын ЖТФ боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлигине отчет берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө"Постановление · 07.05.2002 · № 287
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.