Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-июну № 389 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү боюнча кызматтарды көп каналдуу каржылоо принцибин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
« - медициналык жардамдын жогорку технологиялуу же кымбат баалуу түрлөрүн көрсөтүү үчүн, жогорку технологиялуу кымбат баалуу жабдыктарды, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу»;
- 12-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмегинде:
- 8-топ төмөнкү мазмундагы 58-1 - 58-4-пункттар менен толукталсын:
«
58-1
9
Остеосинтез көп жолку жана айкалышкан жабыркатууларда
80900
58-2
10
Вертебропластика сколиозду дарылаганда
81000
58-3
11
Муундарды онкоэндопротездөө
81100
58-4
12
Блоктолгон интрамедуллярдык остеосинтез
81200
»;
- төмөнкү мазмундагы 12-14-топтор менен толукталсын:
«
12. Гематология
69
1
Катуу кармаган миелобласттык лейкоз
12010
70
2
Катуу кармаган лимфобласттык лейкоз
12020
71
3
Апластикалык аз кандуулук
12030
72
4
Сөөк чучукту трансплантациялоо
12040
13. Офтальмология
73
1
Экстракапсулярдык экстракция
13010
74
2
Витрэктомия
13020
75
3
Ленсвитрэктомия
13030
76
4
Интраокулярдык линзаларды имплантациялоо (жасалма хрусталик)
13040
77
5
Орбитада реконструктивдик операциялар
13050
78
6
Рефрактердик глаукомада аллодренаждарды имплантациялоо
13060
14. Урология
79
1
Эндоскопиялык нефрэктомия
14010
80
2
Бөйрөктөрдүн лоханкалык-заара түтүгүнүн сегментинин пластикасы
14020
81
3
Эрендик бездин аденомасынын трансуретралдык резекциясы
14030
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө"жобосуПоложение · 07.05.2002 · № 287
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө"Постановление · 07.05.2002 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон