Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-30.
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 30-июнундагы № 62 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 29-декабры № 278
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 131-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьяда:
1-пунктунда "3 жана 4-пункттарында" деген сөздөр "3-пунктунда" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жогорку Кењештин депутаттары, жергиликтүү кењештердин депутат-
тары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кызматчылар, укук
коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери, башка шайлоо комисси-
ялардын мүчөлөрү, шайлануучу кызмат ордунда болгон талапкерлерге тике-
ден-тике баш ийүүчү адамдар Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү добуш
укугу менен мүчө боло алышпайт.";
4-пункт алып салынсын;
5-11-пункттар тиешелүү түрдө 4-10-пункттар деп эсептелсин;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Президенттин кызмат
ордуна, Жогорку Кењештин депутаттыгына, жергиликтүү кењештердин депу-
таттыгына талапкер же алардын өкүлдөрү болуп катталганда, ошондой эле
жогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарына жакын туугандары талапкер болуп
катталган учурларда, аларды дайындаган (шайлаган) органдын чечими жок
эле комиссиянын мүчөлүк милдетинен бошотулган деп эсептелишет.";
5-пункттагы "3, 4-пункттарындагы" деген сөздөр "3-пунктундагы" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункттун тогузунчу абзацындагы "3, 4-пункттарындагы" деген
сөздөр "3-пунктундагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-статьянын 1-пунктунун:
17-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн талапкерлерге, саясий
партияларга телерадио уюмдарынын каналдарынан эфирдик убакыт, мезгилдүү
басма сөз басылмаларынан басма сөз аянтын берүү тартиби жөнүндө нуска-
маларды же башка ченемдик актыларды чыгарат;";
26-пунктчасы "референдумдун" деген сөздөн кийин "добуш берүүнүн"
деген сөз менен толукталсын;
3. 6-статьянын 5-пунктунда "үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү"
деген сөз менен алмаштырылсын;
4. 9-статьянын 4-пунктунда "бардык" деген сөз "ачык" деген сөз ме-
нен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон