Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ N 131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2022-жылдын 26-апрели ПЖ № 131 Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 148 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн. Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналат. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат. Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Көлдүн сууну коргоо зонасында жер участоктору рекреациялык гана эмес, чарбалык максаттарда да активдүү өздөштүрүлүүдө. Көлдүн жээгин жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик поселоктор, конок үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тарабынан иш жүзүндө ээлеп алып, курулуш жүргүзүлүп жатат, Ысык-Көлдүн суусунан 500 жана 100 метр жакын аралыкта рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга, пайдаланууга жана корголуучу ландшафттардын зонасына бардык түрдөгү объекттерди жайгаштырууга тыюу салуу одоно бузулган. Көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объекттер канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес, бул рекреациялык региондун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Жылдан жылга республикалык жана жергиликтүү бийлик органдары аталган рекреация объекттерине сезонго уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алат, бирок жыйынтыгында алар иштеп, киреше табууну улантууда. Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы канализация жана саркынды сууларды тазалоо курулмалары көп жылдык эксплуатациялоонун жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында жараксыз болуп калган, өзүнүн функциясын аткарбай, агындыларды механикалык тазалоону гана жүргүзөт. Мунун бардыгы Ысык-Көлдүн сууну коргоо зонасы үчүн кошумча экологиялык тобокелдиктерди жаратат. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 ''Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын, Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча мыйзамдардын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы негизинен алганда көзөмөлдөнбөйт жана эч ким тарабынан контролдонбойт. Шаар куруу жана рекреация объекттеринин аймагын көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү экологиянын талаптарын жана ченемдерин этибарга албоо негизинен алганда мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардан жана "Ысык-Көл" биосфералык зонасынын аймагын шаар курууну өнүктүрүү боюнча башкы пландардын иштебей жатышын шарттайт. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл мурдагыдан да коргоого жана аяр мамиле кылууга муктаж. Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынсын:
- Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;
- кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.
11. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салынсын.
(КР Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 148 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Ушул Жарлыктын 1 жана 11-пункттарынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 148 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2022-жылдын 1-июлуна чейин өзүнүн жыйналышында "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Ысык-Көл облусунун шаарларынын мэриялары тарабынан аткарылуу маселесин карасын;
- 2023-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону; Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;
- 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин "2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
Программанын максаты - Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо. Программанын милдеттери:
- Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;
- өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
- Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;
- Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;
- Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;
- Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 40-41 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Концепция · 02.12.2025 · № 768
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 83-т (Ысык-Көлдүн акваториясынын жээктеги суу алдындагы бөлүгүнө суучулдук изилдөө жүргүзүү, суу…Распоряжение · 03.03.2023 · № 83-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 322-т (Ысык-Көл облусунун туристтик сезонуна карата рекреациялык объекттердин даярдык паспортторун берүү…Распоряжение · 06.06.2023 · № 322-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 400-т (Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан баштыктарды…Распоряжение · 05.07.2023 · № 400-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабры № 768 "2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү…Постановление · 02.12.2025 · № 768
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2025 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы № 199-т (Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин…Распоряжение · 24.03.2025 · № 199
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун…Постановление · 13.01.2026 · № 1
- Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-майындагы № 30 "Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.05.2023 · № 30
- Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 36 "Тосор айылына саркынды сууларды тазалоочу жай жана…Постановление · 26.06.2024 · № 36
- Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 13 "Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү…Постановление · 14.02.2025 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо…Указ · 06.06.2023 · № 148
- КР Министрлер Кабинетинин токтому 09.04.2025-ж. № 193Постановление · 09.04.2025 · № 193
- КР Министрлер Кабинетинин 02.12.2025-ж., № 768 токтомуПостановление · 02.12.2025 · № 768
- КР Министрлер Кабинетинин 13.01.2026-ж., № 1 токтомуПостановление · 13.01.2026 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик…Постановление · 23.06.2023 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттердн куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана…Постановление · 02.10.2007 · № 445
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар…Указ · 19.03.2021 · № 77
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.