КР Министрлер Кабинетинин 02.12.2025-ж., № 768 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасынтуруктуу өнүктүрүү концепциясы (мындан ары–Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
3) Концепцияны ишке ашыруу боюнча индикаторлордун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Концепцияда жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планында көрсөтүлгөн чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган финансылык ресурстардын, ошондой эле тышкы жана ички инвестициялардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын ПрезидентининКыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэриялары:
1) Концепциянын жоболорун жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылсын;
2) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Концепцияны ишке ашыруубоюнча Чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Концепцияны ишке ашыруубоюнчаЧаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Тиркеме 3
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ N 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.04.2022 · № 131