Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 148 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 „Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 6-июну ПЖ № 148 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салынсын.";
- 2-пункттагы "1-пунктунун" деген сөздөр "1 жана 11-пункттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт "Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ N 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.04.2022 · № 131
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021