Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө» токтому
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 24-майы № 30
Топографиялык тартууларды жүргүзүү жөнүндө
Саркынды сууларды тазалоочу жай куруу максатында Тамчы айылынын топографиялык тартуу иштерин жүргүзүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 “ Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Тамчы айыл аймагынын Тамчы айылына саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн топографиялык тартуу иштерин жүргүзүүгө акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Иш-кагаздарын тез аранын ичинде даярдоо жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Долбоорлук-сметалык документ (ПСД), жумушчу долбоор (рабочий проект) жасоо иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат сырткы булактардан каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңештин бюджет, финансы, экономика,салык, инвестиция тартуу, муниципалдык транспорт, өнөр жай, ЖӨАБ, башка органдар менен иш алып баруу жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага
Э.А.Мамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.