Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2022-жылдын 27 апрелиндеги №64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планын иштеп чыгууну жөнүндө « тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-апрели ПТ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) иштеп чыгууну жана анын ишке ашырылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеевге жүктөйм.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ушул тескеменин 1-пунктун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеевге көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.