Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 330 «Манас» эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 28-сентябры ПЖ № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптуу иликтөө жана популярдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын изилдөө үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасы менен байланышкан изилдөө функциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүп берүү менен "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси деп кайра өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы "жана Чыңгыз Айтматов" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ N 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек"…Указ · 22.04.2022 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2023 · № 262