Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 6-декабры ПЖ № 546 Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 143 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Социалдык маанилүү товарлардын баалары өскөн шарттарда аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 1-январына чейин, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
- 2027-жылдын 1-январына чейин айына 700 кВтска чейин керектөөдө калк үчүн белгиленген тариф менен 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндөгү тарифтин ортосундагы айырманын өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн төмөнкү көлөмдөрүнүн чегинде компенсация берүүнү караган электр энергиясы үчүн жеңилдиктердин ордуна 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмин киргизсин:
жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) - айына 400 кВтс көлөмүндө; кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) - айына 700 кВтс көлөмүндө.
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 143 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрели № 143 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды…Указ · 16.04.2026 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2023-жылдын 14-августундагы № 408 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаров демилгелеген "Кыргыз…Распоряжение · 14.08.2023 · № 408
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Трагасынын 2024-жылдын 24-июнундагы № 354 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 24.06.2024 · № 354
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы №328 токтомуПостановление · 23.12.2021 · № 328
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №198 токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 198
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз…Постановление · 23.12.2021 · № 328 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз…Постановление · 08.04.2022 · № 198 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.