Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Трагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-июну № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 24-июнундагы № 354 тескеме менен жактырылган
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Негиздеме-маалымкатта баяндалган маалыматка ылайык Мыйзамдын долбоорун кабыл алуунун максаты пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү болуп саналат. Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мамлекеттик жөлөкпулдардын жаңы түрү - "пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ар жылдык жөлөкпул" менен толуктоо каралган өзгөртүүлөр киргизилүүдө. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдардын төмөнкүдөй түрлөрү дайындалат:
1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;
2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;
4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ар айлык жөлөкпул.
"Балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөөнү кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын бардык түрлөрү райондук коэффициентти эсепке алуу менен дайындалат. Ошентип, калктын социалдык жактан аялуу категорияларын социалдык колдоону күчөтүү максатында 2021-жылдын октябрынан тартып үч этапта мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү жогорулатылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жетим балдарга жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү - 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан тартып - 100 пайызга, ал эми жарандардын кээ бир категорияларына 200 пайызга көбөйтүлгөн (2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата). Ошентип ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 2000ден 8000ге чейинки сомду түзөт. 2022-жылдын 1-июнунан тартып "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү жана ар бир балага 1200 сомду түздү. Социалдык маанилүү товарлардын баалары өскөн шарттарда балдарга жөлөкпулдун ушул түрүн алган жарандарга (үй-бүлөлөргө) колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгы менен электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВтс чейин керектегенде 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө белгиленген. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 101 "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынды, анда 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган томолой жетим калган ар бир балага "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү каралган. Ал эми Кыргыз Республикасынын бюджети социалдык багыттагы болуп саналгандыктан, бюджеттин кирешесинин 50 пайыздан ашыгы билим берүү жана илим, маданият жана спорт, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты социалдык жактан камсыз кылуу маселелерин каржылоого жумшалат, ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджетинин 95 пайызы жөлөкпулдардын ар түрдүү түрлөрүн төлөөгө жумшалат. Ошондой эле пенсия, социалдык жөлөкпул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кыла тургандыгын караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кайрылуусуна байланыштуу расмий чечмелөө жөнүндө" чечими кабыл алынгандыгын белгилөө зарыл. Алсак, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмдөрүн аныктоо экономиканын абалына жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз көз каранды болбой калышы мүмкүн эместиги менен бекемделет, демек "мыйзамда белгиленген жашоо деңгээлин жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес камсыз кылат" деген сөздөр менен туюндурулган ченемдик жобо пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмдөрүн белгилөө боюнча мамлекеттин сөзсүз милдеттенмеси катары кабыл алынбоого тийиш, мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдети болуп саналган максаттуу багыты, арыштуу жетишкендиги катары каралууга тийиш. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш. Жогоруда аталганды эске алуу менен жалпысынан социалдык саясатты өркүндөтүү боюнча чараларды күчөтүү, атап айтканда социалдык коргоо программаларын реформалоо жана социалдык коргоонун даректүүлүгүн жакшыртуу, региондордун инфраструктурасын өнүктүрүүнү, анын ичинде жумуш орундарын түзүү жана башка дем берүүчү иш-чаралар аркылуу колдоо максатка ылайыктуу. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору финансы-экономикалык эсептөөлөр менен коштолууга тийиш, бирок Мыйзамдын долбооруна финансы-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес. Ошону менен бирге сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жашоо минимумунун өлчөмүндө 391848 мамлекеттик жөлөкпул алуучуга жөлөкпул төлөөгө почта/банк кызматтарын жана райондук коэффициенттерди эске алуу менен жылына республикалык бюджеттен керектелүүчү сумма 2,9 млрд. сомду түзөт. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул Мыйзам долбоорун мындан ары илгерилетүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары…Указ · 06.12.2021 · № 546
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-апрели ПЖ № 101 ""Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2024 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 11.10.2021 · № 211