Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаров демилгелеген «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-августу № 408
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаров демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 14-августундагы № 408 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаров демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Демилгечинин негиздеме-маалымкатына ылайык Мыйзамдын долбоорунун максаты болуп "калкты социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ченемдерге ылайык келтирүү саналат, анда өзгөчө статусу бар чек ара региондорунда, бийик тоолуу, жетүүгө кыйын алыскы калктуу конуштарда жашаган 14 жашка чейинки балдары бар жарандарды (үй-бүлөлөрдү) социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жашоо-турмушунун бакубаттуулугу үчүн шарттарды түзүү жана өсүп келе жаткан муундун келечеги үчүн кам көрүү, ошондой эле ошол региондордон тышкы жана ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүү каралган". Мыйзамдын долбоорунда 14 жашка чейинки балдары бар, өзгөчө статусу бар чек ара региондорунда, ошондой эле бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн, алардын социалдык жана экономикалык абалына карабастан, белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон өлчөмдө "айылдыктарга көмөк" мамлекеттик ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы түрүн киргизүү сунушталат. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында баяндалган маалыматка ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоорунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу саналат, анда пенсия, социалдык жөлөкпул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат деп көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги чечими менен пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдардын өлчөмдөрүн аныктоонун экономиканын абалына жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз көз каранды эместиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 44-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисин түзөт деп белгилейбиз. Демек, мыйзамда белгиленген "жашоо деңгээлин жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес камсыз кылат" деген сөздөр менен туюндурулган ченемдик жобо пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдардын өлчөмдөрүн жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес белгилөө боюнча мамлекеттин сөзсүз милдеттенмеси катары кабыл алынбашы керек, тескерисинче максаттуу багыт катары каралууга тийиш. Мындан тышкары дүйнөлүк практикада, жашоо минимуму мамлекеттик социалдык стандарт катары колдонулат жана социалдык саясатты ишке ашыруунун, мамлекеттик социалдык программаларды иштеп чыгуунун негизи болуп саналат. "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан квартал сайын жана калктын негизги социалдык-демографиялык топтору (эмгекке жарамдуу калк, пенсионерлер, белгилүү бир курактык топтор боюнча балдар) боюнча эсептелет. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети керектөө куржунуна кирген керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин өзгөрүшүн эске алуу менен жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн квартал сайын аныктайт. Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн квартал сайын кайра эсептөөнүн зарылдыгы келип чыгат. Азыркы учурда "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдардын төмөнкүдөй түрлөрү берилет:
- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм;
- "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпул;
- "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул;
- ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо даректүүлүк принцибине негизделет. Өз кезегинде даректүүлүк конкреттүү алуучуларга алардын жекече өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жаш курагын, ден соолугунун абалын, киши башына чогуу түшкөн орточо кирешенин өлчөмүн, баккан адамынын жоктугун, мамлекеттик социалдык колдоого муктаждыктын курч экендигин, турмуштук оор кырдаалды) эске алуу менен мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүнү түшүндүрөт. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет. Алсак, акыркы жылдары ар кандай социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кыйла жогорулады жана колдоонун кошумча түрлөрү каралды. Тактап айтканда, 2021-жылдын октябрынан тартып мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү этабы менен 50%га жана 100%га, ал эми жарандардын айрым категориялары үчүн жөлөкпулдардын өлчөмү - 200%га жогорулады. Республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 2021-жылы 8561,5 млн. сом, 2022-жылы - 13339,4 млн. сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына 50,0 тыйын өлчөмүндө жеңилдетилген тарифтер белгиленген. Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык колдоо көрсөтүү, кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы 331 (КПҮ) токтому менен төмөнкү төлөмдөргө 1,20 өлчөмүндө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти каралган:
- мамлекеттик жөлөкпулдарга ("балага сүйүнчү" - бала төрөлгөндө бир жолку төлөмдөн башка);
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарга.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 74 (КПҮ) токтомуна ылайык Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда туруктуу жашаган 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөкпулга 1000 сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр белгиленген. "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүлөргө ай сайын 3700 сом өлчөмүндө кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо каралган:
- курман болгондордун балдарына - алар он сегиз жашка чыкканга чейин;
- эгерде курман болгон жаран жалгыз баласы болсо - курман болгон жарандын ата-энесине (атасына, энесине) пенсия курагына жеткен күндөн тартып;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган жабыр тарткан жарандарга өмүр бою - майыптыгы белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
Мындан тышкары "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жабыр тарткан жарандарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындалат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык жөлөкпулдарды берүү тартибин өркүндөтүү каралган, ошондой эле алардын өлчөмдөрү 2024-жылдын 1-январынан тартып 10дон 20 эсептик көрсөткүчкө чейин (2000 сомго чейин) жогорулатылган. Муну менен катар убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 11-жумуш күндөн тартып айына 50дөн 100гө чейинки эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу каралган. Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоону күчөтүү, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 1-июнунан тартып персоналдык ассистенттин кызматына акы төлөөнүн өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин көбөйтүлгөн. Ушул мезгилден тартып персоналдык ассистенттин кызматы бала кезинен (18 жаштан жогору) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу адамдар үчүн да киргизилген. Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 5-пунктуна каршы келерин белгилеп кетүү керек, анда "Мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш" деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдардан өз алдынча чыгууга түрткү берүү максатында, 2022-жылдан тартып социалдык контракттын негизинде 100,0 миң сом өлчөмүндө социалдык жардам көрсөтүлүүдө. 2022-жылы 2800 үй-бүлө, 2023-жылы 10000 үй-бүлө жардамдын бул түрүн алышкан. Бул чараны ишке ашырууга республикалык бюджеттен эки жыл ичинде 1328,0 млн. сом бөлүнгөн. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын кайталанышына алып келет жана аны кабыл алуу прецедент түзөт, анын алкагында өлкөнүн башка региондорунун мындай талаптары бар тургундарынын арасында чынжырлуу реакцияны пайда кылат. Азыркы учурда өлкөнүн бюджетинин 50%дан ашыгы социалдык чөйрөгө багытталган. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык аны кабыл алуу республикалык бюджеттен жылына 33357,9 млн. сом өлчөмүндө кошумча финансылык каражаттарды талап кылат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн жана өлкөнүн экономикасынын абалын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча төлөөлөрдүн учурдагы коэффициенттерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана…Постановление · 18.09.2018 · № 434
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары…Указ · 06.12.2021 · № 546
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 170
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөЗакон · 22.10.2012 · № 173
- 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен…Закон · 20.07.2023 · № 142
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга…Постановление · 22.02.2013 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы №694 "Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө токтому"Постановление · 05.11.2009 · № 694
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон