Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 „Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 16-апрели № 143 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо системасын өркүндөтүү, социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүү шартында аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) даректүү колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- экинчи абзац "2022-жылдын 1-январынан тартып" деген сөздөрдөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- 2027-жылдын 1-январына чейин айына 700 кВтска чейин керектөөдө калк үчүн белгиленген тариф менен 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндөгү тарифтин ортосундагы айырманын өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн төмөнкү көлөмдөрүнүн чегинде компенсация берүүнү караган электр энергиясы үчүн жеңилдиктердин ордуна 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмин киргизсин: жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) - айына 400 кВтс көлөмүндө; кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) - айына 700 кВтс көлөмүндө.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.