Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 „Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 апреля 2025 года № 227 "Об утверждении Среднесрочной тарифной политики Кыргызской Республики на электрическую энергию на 2025-2030 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 23-декабры № 328 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө электр энергиясына өзүнчө тарифтер белгиленет.";
- он үчүнчү абзацындагы ", бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер)" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт саат үчүн 340 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.";
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1.4 жана 1.5-пунктчалар менен толукталсын:
"
1.4
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт саатка чейин керектөөдө
тыйын/кВт саат
50,0
тариф + инфляция
тариф + инфляция
тариф + инфляция
тариф + инфляция
Өсүш
%
-
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
1.5
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө
тыйын/кВт саат
216,0
тариф + инфляция
тариф + инфляция
тариф + инфляция
тариф + инфляция
Өсүш
%
-
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
инфляциянын деңгээлине жараша
";
- 6-пунктундагы "252,0" деген цифралар "340,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:
2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Электр менен камсыздоочу уюм "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тарифтик тобун Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизменин негизинде белгилейт. Эгерде керектөөчүнүн энергия менен камсыздоочу уюм менен келишими жок болсо, аталган тарифтик топ жогоруда көрсөтүлгөн адамдар берген абоненттин энчилүү эсебинин негизинде да белгиленет."; 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 - 3-3-пунктчалар менен толукталсын: "3-1) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (анын ичинде бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган калкты кошкондо) керектөөчүлөр тобу үчүн тариф электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат; 3-2) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат; 3-3) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат."; 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ошол эле учурда турак жайды ижарага алгандар же убактылуу жашап жаткандар электр менен камсыздоочу уюм менен келишими (контракт) жок, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) болуп саналса ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн тариф колдонулат. Ошондой эле өзүнчө келишим түзүү талап кылынбайт."; төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын: "14-1. "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тобу үчүн тариф бул адамдардын жашаган/жүргөн жери боюнча тиешелүү тизмелерди берген айдан кийинки айдын биринен тартып колдонулат жана төлөмдөр токтотулган айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат. Жашаган/жүргөн жер өзгөргөн учурда тарифти колдонуу мөөнөтү:
1) акыркы жашаган жери боюнча - мындай өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат;
2) жаңы жашаган жери боюнча - абонент жашап баштаган айдан кийинки айдын биринен башталат.
"Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тобу үчүн тариф иш жүзүндө жашаган/жүргөн жери боюнча колдонулат жана эки же андан көп даректерге карата колдонулбайт. Электр менен камсыздоочу уюм менен түз келишими жок керектөөчүлөр, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр менен камсыздоочу уюмга абоненттин жашаган/жүргөн жери боюнча энчилүү эсебин берет."; 19-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ошол эле учурда бир же бир нече керектөөчү катары 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, мындай керектөөчүнү идентификациялоо энчилүү эсебинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизменин негизинде жүргүзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар айлык негизде:
1) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин жана маалыматтарын жаңылап турсун;
2) айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын облустары жана райондору боюнча иш жүзүндө жашаган/жүргөн дарегин көрсөтүү менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
1) 2022-жылдын 1-январынан тартып жогоруда аталган керектөөчүлөр топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин;
2) ай сайын, айдын 30уна чейин Кыргыз Республикасынын облустары жана райондору боюнча иш жүзүндө жашаган/жүргөн дарегин көрсөтүү менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин бөлүштүрүүчү компанияларга жиберип турсун;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) үчүн электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу менен байланышкан чыгашалардын суммасын карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №…Приложение · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтомуПостановление · 24.04.2025 · № 227
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары…Указ · 06.12.2021 · № 546
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтому менен бекитилди)Инструкция · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон