Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 72 «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 14-апрели ПЖ № 72 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 80 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары - коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. 2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында - 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда - 19 факт тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин өзгөчө абал киргизилсин
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 80 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.
3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында комендатура түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы жөнүндө жобо бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:
1) коменданттык саат киргизилсин;
2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;
10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;
11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;
12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;
17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:
- өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;
- күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;
- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;
- коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;
- коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.
6. Комендант Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.
10. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.
11. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
12. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 13
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3665-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2020 · № 3665-VI
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 148-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал…Распоряжение · 27.04.2020 · № 148-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Президентинин 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.04.2020 · № 80 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Өзгөчө абал режимин Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда…Приказ · 14.04.2020 · № 1
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 2 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасын түзүү…Приказ · 14.04.2020 · № 2
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 14 "Өзгөчө абал режими киргизилген Нарын облусунун Ат-Башы районуна кошумча…Приказ · 15.04.2020 · № 14
- ПРИКАЗ КОМЕНДАТУРЫ ГОРОДА БИШКЕК от 30 апреля 2020 года № 53пр "О возобновлении экономической деятельности в режиме ЧП, а также о разрешении на передвижение лиц и транспортных…Приказ · 30.04.2020 · № 53
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 4 "Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын…Приказ · 14.04.2020 · № 4
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу…Приказ · 14.04.2020 · № 5
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 6 "Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук…Приказ · 14.04.2020 · № 6
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 7 "Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча…Приказ · 14.04.2020 · № 7
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 8 "Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган…Приказ · 14.04.2020 · № 8
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 11 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө…Приказ · 15.04.2020 · № 11
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 12 "Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу…Приказ · 15.04.2020 · № 12
- НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 16-апрелиндеги № 15 “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалынын кызматкерин бөлүп берүү…Приказ · 16.04.2020 · № 15
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон