Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 14-апрели № 4 Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинини Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө 14-апрель 2020-жылдагы ПЖ № 72 жарлыгынын талаптарын аткаруу ошондой эле коронавирус инфекциясына байланышкан кризистик кырдаалдын тез арада нормалдашуусун камсыздоо максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Т.Шонкоевге:
-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы блок постторду керектүү жабдыктар жана оборудованиялар ( палатка, стол, стул, обогреватель, байланыш каражаты, биотуалет) менен камсыз кылынсын.
2. Нарын облустук ҮБДТнын башкы дарыгери Алияскаров Муратбек Алияскаровичке:
- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы блок постторго күнү-түнү (круглосуточно) кезмет менен 2 ден медициналык кызматкерлерди керектүү жабдыктар (коргоочу костюм, тепловизор, электрондук термометр) медициналык иш аракеттердин алгоритмин түзүү менен камсыз кылууну.
- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жарандардын клиникалык ооруларын (температура өлчөө менен ) аныктоо максатында медициналык кызматкерлерден турган мобилдүү топторду түзүүнү.
- обсервация пункттарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан ИИОнун кызматкерлеринин анализдерин алууну уюштурууну.
3. Нарын шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматы жана Таза-Нарын ишканасы (А.Суранов)
-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жана обсервация пункттарынын чектелген периметрлерин дезинфекциялоону камсыз кылууну.
4. Ат-Башы районунун акими Н.Сатаровго жана Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго:
-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан блок постордо кызмат өтөп жаткан ИИОнун, медициналык кызматтын жана башка кызматтардын кызматкерлерин үч маал ысык тамак менен камсыз кылууну.
- блок посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге коргонуучу костюмдар жана башка коргонуучу каражаттар жетишсиз болгондуктан, кезмет алмашууда бири-бириникин жийиркенип кийүүдөн баш тартышууда. Ошондуктан постто иш алып барып жаткан ар-бир кызматкерди коргонуучу костюм жана башка коргонуучу каражаттар (очки резиналык өтүк, бет кап күнүгө жок дегенде 3 маал алмаштырууга жеткидей, антисептикалык каражаттар.) менен толук камсыз кылууну.
- өзгөчө кырдаал режимин бузган үй-жайсыз жана башка адамдарды убактылуу кармоо үчүн жайларды уюштурууну.
- блок посттордо Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын буйруктарынын көчүрмөлөрүн, арыздардын үлгүлөрүн, посттордон тоскоолдуксуз өтүү боюнча жарандардын кайрылууларынын жана комендант тарабынан берилген справкалардын үлгүлөрүн илүү боюнча стенддерди уюштурууну.
- калктын аярлуу катмарларын колдоо багытында ишти алып барууну уюштурууну.
- блок постторду ФСК (бетон тоскоолдуктар), тиешелүү жол белгилери, дезинфекциялык барьерлерди орнотууну.
- ушул буйруктун тиешелүү пункттарынын талаптарын аткарууну 2020-жылдын 15-апрель саат 18-00 гө чейин камсыз кылууну.
5. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданттары (М.Турпанбаев, Т.Кадыров)жогорудагы буйруктун талаптарынын эффективдүү ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрүүнү
6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.