Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 15-апрели № 11 Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге:
- Өзгөчө абал режими учурунда Нарын шаарынын аймагында жана Ат-Башы районунун аймагында автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алууга келген жарандардын арыздарын кезеги менен кабыл алып, каттап, уруксаат кагаздарын берүү иштерин уюштурсун;
- күн сайын саат 12-00 гө, 15-00 гө жана 18-00 гө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардан келип түшкөн арыздарды Нарын шаарынын жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери ыкчам штабына келип түшкөн арыздардын тууралыгын, маанилүүлүгүн карап чечүү үчүн берүүңүздөр талап кылынат;
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.