Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 14-апрели № 5 Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын облусунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө багытында, талап кыламын:
- Кыргыз Республикасынын Эконимикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы күн сайын саат 10:00 гө жана саат 18:00 гө негизги 12 азык-түлүктүн калдыгы (запасы) боюнча (тиркемеге ылайык) жана күйүүчү майлоочу майлар, ошондой эле товарларды таблицада көрсөтүлгөн баалардан себепсиз жогору көтөрүү фактыларын алдын алуу иштерин жүргүзүшсүн;
- Нарын шаардык мэриясы жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы күн сайын саат 10-00 гө жана саат 18-00 гө Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы соода жайларынан жана соода борборлорунан негизги 12 азык-түлүктүн баалары боюнча (тиркемеге ылайык) маалыматтарды беришсин, ошондой эле баалардын көтөрүлүшү, алардын калдыгы (запасы) жана жоктугу боюнча маалыматтарды беришсин.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Кадыров Талант Эсенгуловичке жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер коменданты Турпанбаев Мадланбек Тураровичке жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
14.04.2020-жылдагы
№5 Буйругуна тиркеме
Нарын шаары
Күйүүчү майлардын баасы
АИ-92 Баасы/накталай калганы/керектелет
АИ-80 Баасы/накталай калганы/керектелет
Диз. топливо Баасы/накталай калганы/керектелет
Нарын шаары
Жеке даарыканаларда бет кап жана башка медициналык каражаттар
Баасы
Калдыгы (запасы)
Керектелет
ун
буудай
сахар
суу май
картошка
кой эти
уй эти
макарон
күрүч
нан
сүт
жумуртка
Азык-түлүктүн калдыгы (запасы)
Бир суткага керектелет
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.