9-берене. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталык позицияларын пайдалануу
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
9-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 9-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Радиожыштык спектри мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталдык позицияларын пайдаланууну жөнгө салуу мамлекеттин өзгөчө укугу болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиожыштык спектрин конверсиялоо менен байланышкан жана келечектүү технологияларды жана стандарттарды киргизүүнү ылдамдатууга, жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик башкаруунун, улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укук тартибин коргоонун муктаждыгы үчүн радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат. Радиожыштык спектрин бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык жүргүзүлөт. Радиожыштык спектрин пайдалануу байланыш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна уруксаттын жана/же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын негизинде юридикалык же жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт. Радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын бөлүп берүү ведомстволор аралык макулдашууну өткөрүү менен радиожыштыкты тандоонун натыйжаларынын, ошондой эле эгерде Электр байланышынын эл аралык союзунун регламентинде жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерде жол-жобо каралса, радио-жыштыкты ыйгарууну жана/же бөлүп берүүнү пайдаланууну координациялоонун эл аралык жол-жобосунун негизинде жүргүзүлөт. Радиожыштыктарды тандоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде төмөнкү жол-жоболорду жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат:
- электр магниттик шайкештикти талдоону жүргүзүү;
- ведомстволор аралык макулдашуу;
- радиожыштыкты эл аралык координациялоо;
- радиомониторинг.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет. Радиожыштыктарды тандоонун натыйжаларын колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндү түзөт, бул мезгилдин ичинде арыз ээси аларды уруксат берүүчү документтерди (лицензияларды жана/же жыштыкты ыйгарууну) алууга бериши керек. Радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери колдонуудагы радиоэлектрондук каражаттар жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөр менен электр магниттик жактан шайкеш келбесе, ведомстволор аралык макулдашуудан жана/же эл аралык координациядан баш тартылса же радиомониторингдин оң корутундусу же бош радио жыштык ресурсу жок болсо юридикалык жана/же жеке жактар тарабынан колдонулбайт. Радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн ар жылдык акы төлөө белгиленет, анда радиоэлетрондук каражатты орнотуунун же билдирилген аймактын географиялык зонасы, калктын жыштыгы, колдонулган радиожыштыктын тилкесинин жана радиожыштыктын номиналынын кеңдиги, коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициенти, эсептик көрсөткүчү, радиожыштык номиналын же тилкесинин натыйжалуулугунун коэффициенти эске алынат. Акы төлөөнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Радиожыштыктын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу төмөнкү учурларда натыйжасыз деп таанылат:
- лицензия же уруксат берүү колдонулган мөөнөттүн ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналы жана/же тилкеси пайдаланбаса;
- радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн тиешелүү лицензия берилген учурдан баштап эки жылдын ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналын жана/же тилкесин пайдаланбаса;
- радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууда же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияда бөлүп берилген радиожыштык ресурсунун 30 пайыздан кемин пайдаланганда.
Радиоышкыбоздук кызматы жана радиоышкыбоздук спутник кызматы үчүн радиожыштыктын тилкелерин тандоо, бөлүү жана пайдалануу акысыз негизде жүргүзүлөт. Байланыштын техникалык каражаттары, ошондой эле радиожыштык нурлануусунун же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп эсептелген техникалык каражаттар Кыргыз Республикасынын байланыш каражаттарын колдонуу маселелери боюнча техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификатталат. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 "Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон…Постановление · 22.05.2024 · № 260
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген)Программа · 02.11.2011 · № 692
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы "№ 608 "806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна…Постановление · 27.08.2015 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш…Постановление · 06.06.2019 · № 278
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.05.2026 · № 75
- "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген)Положение · 13.06.2017 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2015-жылдын 27-августу, №608Постановление · 27.08.2015 · № 608
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-9" title="9-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>