Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 22-майы № 75 «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 2-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацта «23-статьясында» деген сөздөр «5-статьясында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 9-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жана электр байланышы жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 451-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.
2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.».
2-берене
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 23-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
Шилтеме берет (4)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128