6-берене. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын кызматтары жана ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы министрликтердин жана ведомстволордун радиожыштык спектрин пайдалануу жагындагы ишмердиктерин координациялайт. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясына төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштык спектрин пайдалануунун тартибин аныктоо жана сунуштарды,жалпы процедуралык эрежелерди иштеп чыгуу;
- радиожыштыктарды радиокызматтары боюнча бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жана радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын түзүү жана пландаштыруу.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштыктарды аларды пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда пайдаланууга тыюу салууга (чектөөгө);
- ушул Мыйзамдын 9-беренесинин төртүнчү жана бешинчи бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын тилкелерди (жыштык номиналдарын) бөлүп берүү тууралу мурда кабыл алган чечимдеринин аракетин токтото турууга (токтотууга),:
- радиотаркатуулардын жана радио кабыл алуулардын ченемдерине же индустриалдык радиотоскоолдуктарынын жол берилген ченемдерине жооп бербеген радиоэлектрондук каражаттарды, электр жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды иштеп чыгууну жана жасап чыгарууну токтото турууга жана тыюу салууга.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы өзүнүн ишмердигинде:
- улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын жоюунун максаттары, ошондой эле дагы башка өкмөттүк максаттар үчүн радиожыштык спектрине болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн;
- радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын, электр байланышынын операторлорунун, массалык маалымат каражаттарынын жана башка пайдалануучулардын азыркы жана келечектеги керектөөлөрүн, ошондой эле жаңы түрдөгү тейлөө кызматтарын иштеп чыгууну жана колдоону эске алат.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы учун керектүү документтерди даярдоо, уюштуруучулук, усулдук жана дагы башкача көмөк көрсөтүү, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынн редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтому
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын кызматтары жана ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы министрликтердин жана ведомстволордун радиожыштык спектрин пайдалануу жагындагы ишмердиктерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясына төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштык спектрин пайдалануунун тартибин аныктоо жана сунуштарды,жалпы процедуралык эрежелерди иштеп чыгуу;
- радиожыштыктарды радиокызматтары боюнча бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жана радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын түзүү жана пландаштыруу.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштыктарды аларды пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда пайдаланууга тыюу салууга (чектөөгө);
- ушул Мыйзамдын 9-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын тилкелерди (жыштык номиналдарын) бөлүп берүү тууралу мурда кабыл алган чечимдеринин аракетин токтото турууга (токтотууга),:
- радиотаркатуулардын жана радио кабыл алуулардын ченемдерине же индустриалдык радиотоскоолдуктарынын жол берилген ченемдерине жооп бербеген радиоэлектрондук каражаттарды, электр жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды иштеп чыгууну жана жасап чыгарууну токтото турууга жана тыюу салууга.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы өзүнүн ишмердигинде:
- улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын жоюунун максаттары, ошондой эле дагы башка өкмөттүк максаттар үчүн радиожыштык спектрине болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн;
- радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын, электр байланышынын операторлорунун, массалык маалымат каражаттарынын жана башка пайдалануучулардын азыркы жана келечектеги керектөөлөрүн, ошондой эле жаңы түрдөгү тейлөө кызматтарын иштеп чыгууну жана колдоону эске алат.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы учун керектүү документтерди даярдоо, уюштуруучулук, усулдук жана дагы башкача көмөк көрсөтүү, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм
Электр жана почта байланышы жагындагы жөнгө салуулар
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат…Постановление · 13.06.2016 · № 310
- КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.08.2016 · № 187
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча…Постановление · 13.06.2017 · № 363 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы №131 " Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгыУказ · 24.02.2009 · № 131 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча…Постановление · 13.06.2017 · № 363 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-6" title="6-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>