Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «№ 608 «806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-августу № 608 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү жөнүндө 800 МГц диапазонундагы коммерциялык пайдалуу радио жыштык тилкелерин натыйжалуу бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары -Убактылуу жобо), 1-тиркемеге ылайык,
- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Комиссия ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Убактылуу жобо менен белгиленген тартипте 45 күндүн ичинде 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин (мындан ары - ижарага берүү келишими) түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрсүн.
3. Комиссиянын жумушчу органы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Убактылуу жободо каралган акча каражаттарын республикалык бюджетке которуу үчүн эсептин реквизиттерин берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирдикте кыска мөөнөттө «Электр жана почта байланышы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына аукцион аркылуу радиожыштык спектрин бөлүштүрүү тартибин аныктоочу ченемдерди белгилөө бөлүгүндө оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 «Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: «- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелеринин бирин ижарага берүү боюнча тиешелүү келишим. 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелеринин бирин ижарага берүү келишими болгон учурда ушул Жобонун 15-пунктунун он экинчи - он төртүнчү абзацтарында жана ушул пунктунун жетинчи абзацында аталган документтерди берүү талап кылынбайт.».
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана бир жыл колдонулат.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому…Положение · 02.09.2014 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 754
- 806-811/847-852, 811-816/852-857, 816-821/857-862 MГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна пилоттук аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо…Постановление · 27.08.2015 · № 608
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 02.09.2014 · № 520 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15