Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 „Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-июну № 278 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "электрондук колтамга" деген сөздөр "электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункутунда:
2-пункутчасында:
- үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырат;
- күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерет жана алардын сакталбагандыгы табылган учурларда бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берет;";
3-пункутчасында:
- он экинчи абзацындагы ", ошондой эле байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына лицензиялык контролдоону жүргүзөт" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен квалификацияланган сертификаттар жөнүндө, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор жөнүндө маалыматтарды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыз кылат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
- 6-пункутунда:
1-пункутчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык акча которуулардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалымат берүүчү жактар болуп саналган акча каражаттарын которуу менен алектенген почта жана телеграф байланыш уюмдарынын аткарышын лицензиялык контролдоону ишке ашырат. Зарыл болгон учурда чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык суроо-талаптарынын негизинде аларга тиешелүү маалыматты алууга көмөк көрсөтөт жана маалыматтар менен алмашат;"; 2-пункутчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына лицензиялык контролдоону жүргүзөт;";
- 3-пункутчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- бөлүп берүүгө мүмкүн болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берет;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук колтамга жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды 2020-жылдын 1-январына чейин жүргүзө тургандыгы белгиленсин, анын ичинде:
- күбөлөндүрүүчү борборлордун колтамга ачкычынын сертификаттарынын жалпыга жеткиликтүү бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча;
- күбөлөндүрүүчү борборлорго электрондук колтамганын ачык ачкычынын сертификаттарын берүү боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:
- алты айлык мөөнөттө "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 15.07.2016
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен…Положение · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон