Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-статья. Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 238
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы турукташкан каржы тутумун сактап туруу жана кредиттик союздардын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоо максатында кредиттик союздардын ишин жөнгө салат.
Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик актыларды (нускоолорду, директивалык көрсөтмөлөрдү ж.б.) чыгарууга, кредиттик союздун колунда болгон тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга, ушул Мыйзамда жана банк мыйзамдарында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы бар союздардын ишин көзөмөлдөөнү алардын берген отчеттору жана маалыматтары боюнча кредиттик союздардын ишин иликтөө жана талдоо, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздун ишине көзөмөлдук кылуу милдетин өзү ыйгарым укук берген органга тапшырышы же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы мүмкүн.
3. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өзүнүн милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) экономикалык ченемдерди белгилөөгө;
2) кредиттик союздардын ишин текшерүүгө;
3) сактык пайларын кредиттик союздан алып коюуга чектөөлөрдү белгилөөнү кошуп алганда, кредиттик союздун каржылык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө;
4) кредиттик союздун ишинде кетирилип жаткан укук бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү тууралу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө;
5) кредиттик союздун иши тууралу отчетторду жана башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
6) кредиттик союздун ишине тикеден-тике банк көзөмөлүн киргизүүгө;
7) кредиттик союзда убактылуу администрациялык тартипти киргизүүгө;
8) кредиттик союздун кээ бир операцияларын убактылуу токтотууга же чектөөгө;
9) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотууга же чакырып алууга;
10) республиканын мыйзам талабына ылайык кредиттик союзду жоюу процессин баштоого;
11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же болбосо так эмес информация, отчет же маалымат бергендиги үчүн айып салуу.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдын-ала кредиттик союзга далилдерди көрсөтүү менен кредиттик союздун иш жүзүндө же пландаштырып жаткан аракеттерин токтотуу тууралу төмөнкүдөй учурларда буйрук чыгарууга укуктуу:
1) кооптуу же ишенимсиз каржы ишин жүргүзгөн учурларда же жүргүзүүгө даяр болсо;
2) банк мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик актыларын же жазуу жүзүндөгү талаптарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууларга жол беришсе.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда каралган таасир этүү чараларынан тышкары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VIII Глава Корутунду жобо
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жол беришсе.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда алынып салынды: келтирилген кошулду: каралган таасир этүү чараларынан тышкары кошулду: Кыргыз Республикасынын банк алынып салынды: мыйзам актыларында кошулду: мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 кошулду: , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VIII Глава
Корутунду жобо
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 11-майындагы N 10/6 "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү…Постановление · 12.04.2006 · № 10/6
- Постановление Правления Национального банка КР от 12 апреля 2006 года №10/6 "Об утверждении новой редакции Положения "О классификации кредитов в кредитных союзах"Постановление · 12.04.2006 · № 10/6
- Постановление Правления Национального банка КР от 23 марта 2006 года № 7/5 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к кредитным союзам"Постановление · 23.03.2006 · № 7/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 ""Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү…Постановление · 16.01.2008 · № 3/3
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралууПостановление · 16.01.2008 · № 3/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 26.05.2010 · № 36/15
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 31.10.2012 · № 41/9
- Постановление Правления Национального банка КР от 23 марта 2006 года № 7/6 "О внесении дополнений в Положение "О Комитете по надзору Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 23.03.2006 · № 7/6
- КР Улуттук банкынын Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын…Постановление · 28.10.2009 · № 43/5
- "О внесении изменений и дополнений в Постановление Правления НБКР "Об утверждении "Положения "О минимальных требованиях по управлению кредитным риском в кредитных союзах…Постановление · 30.11.2016 · № 47/6
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-30" title="30-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>