31-статья. Кредиттик союздагы эсепке алуу жана отчеттуулук
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
1. Кредиттик союздун каржы жылы жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин белгиленет.
2. Кредиттик союздун бардык бухгалтердик китептери, отчеттору, бухгалтердик тутумдары жана кабыл алынган ички иш тартиби ишенимдүү чарбалык тажрыйбага, кредиттик союздун уставына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Отчеттордун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана аларды берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасыыын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.
3. Кредиттик союз бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулуучу документтердин катуу эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеси жана аларды сактоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-31" title="31-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>