Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «»Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 20-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 3-08
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2008-жылдын 16-январы N 3/3 "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кредиттик союздардын ишине адекваттуу көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматты берүү максатында, Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы тарабынан кароого сунушталган "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик актылары" журналында, N 2008/3 жарыяланган
4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 24-июнундагы N 20/7 "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун Убактылуу формалары" жана "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун Убактылуу формаларын толтуруу боюнча нускоо жөнүндө" токтому (Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 26-июлунда 96-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн) күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кредиттик союздар өз ишин 2008-жылдын 1-чейреги үчүн отчеттордон тартып кийинки отчетторун ушул токтомдун талабына ылайык беришсин.
6. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы" ЖЧКсын, Улуттук банктын областтык (регионалдык) башкармалыктарын жана Баткен областындагы Улуттук банктын өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу
Абдыбалы тегин С.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 16-декабрындагы № 49/17 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 20-февралында 6-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 2008-жылдын…Постановление · 16.12.2009 · № 49/17
- КР Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 25.04.2012 · № 18/9
- О временных сроках представления отчетности коммерческими банками и небанковскими финансово-кредитными организациями Кыргызской Республики в Национальный банк Кыргызской РеспубликиПостановление · 03.04.2020 · № 2020-П-12/20-1-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы N 3/3 токтому…Положение · 16.01.2008 · № 3/3
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Постановление Правления Национального банка КР от 24 июня 2005 года № 20/7 " О Временных формах периодического регулятивного отчета кредитного союза и Инструкции по заполнению…Постановление · 24.06.2005 · № 20/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-33/33-8-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 30.05.2018 · № 2018-П-12/20-2-(НФКУ)