29-статья. Кредиттик союз тарабынан түзүлүүчү резервдер
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
1. Кредиттик союздар жоюлуп кеткен учурларды эске албаганда, кредиттик союздар кредиттер жана инвестициялар боюнча же кредиттик союздун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болбогон активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн банк мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө резервдерди түзүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Респуликасынын Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу:
- резервдерге чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөөгө жана/же;
- резервдердин өлчөмүн эсептөө формуласын өзгөртүүгө жана/же;
- жүйөөлүү себептерден улам кайсыл болбосун бир же андан ашыгыраак отчеттук мезгилдерде резервдерди түзүүнүн талаптарын алып салууга.
Резервдерге чегерүүлөр сактык пайлары боюнча дивиденддерди төлөөгө чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Кредиттик союз кредиттик союздун иши менен байланышкан башка резервдерди түзүшү мүмкүн.
VII Глава Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 11-майындагы N 10/6 "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү…Постановление · 12.04.2006 · № 10/6
- Постановление Правления Национального банка КР от 12 апреля 2006 года №10/6 "Об утверждении новой редакции Положения "О классификации кредитов в кредитных союзах"Постановление · 12.04.2006 · № 10/6
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-29" title="29-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>