Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 11-майында N 51-06 номеринде каттоодон өткөн
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2006-жылдын 11-майы N 10/6 Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясынын долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамдын 29, 30-статьяларына, "Кыргыз Республикасьгадагы банктар жана банк ипш жөнүндөгү" Мыйзамдын 12-статьясына таянуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого коюлуп жаткан "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 25-июлундагы N 27/10 ""Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл Башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык Башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду…Постановление · 18.05.2012 · № 19/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-октябры № 41/10 токтому "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.10.2012 · № 41/10
Шилтеме берет (5)
- "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги N 10/6 токтому менен бекитилген)Положение · 12.04.2006 · № 10/6
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 30.05.2018 · № 2018-П-12/20-2-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.06.2020 · № № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)