Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 567
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын башкы пландар менен толук камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 480 000 000 (төрт жүз сексен миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражаттарын карасын;
2) 2027–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 480 000 000 (төрт жүз сексен миллион) сомдон кем эмес акча каражаттарын жыл сайын издеп тапсын жана бөлүп турсун.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын заказчысы катары чыгуу, бюджеттердин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык каражаттарды кароо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү аймактардын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу, долбоордук уюмдар менен келишимдерди түзүү жана Программаны белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин жана техникалык ченемдерди иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу боюнча эл аралык жана башка инвестициялык донор уюмдар менен ишти туруктуу негизде жүргүзсүн;
3) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ушул токтомду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 7-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (1-тиркеме Кыргыз…Программа · 05.09.2025 · № 567
- Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеги (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Перечень · 05.09.2025 · № 567
- Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 19-июнундагы №47 "Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай,Көк-Таш жана Миң-Булак айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2026 · № 47
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2026-жылдын 31-июлундагы №01-15/16 "Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян, Сай, Кыштут айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2026 · № 01-15/16
- Кулунду айылдык кенешинин 2026-жылдын 27-мартындагы №129 "“Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура курулушу жана турак жай-коммуналдык чарба…Постановление · 27.03.2026 · № 129
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Программа · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга…Постановление · 10.06.2022 · № 313 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга…Постановление · 10.06.2022 · № 313 · Күчүн жоготкон