Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 сентября 2025 года № 567 "Об утверждении Программы Кабинета Министров Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов Кыргызской Республики на 2026–2030 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-05.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 313 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын өз убагында башкы пландар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын 300,0 млн. сомдон кем эмес акча каражаттарын издеп тапсын жана бөлүп берсин.";
2) 3-пунктундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамлекеттик картография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 5-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасында:
- 1-главанын тогузунчу абзацындагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 05.09.2025 · № 567
- Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы № 37 Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык…Постановление · 04.06.2025 · № 37
- Савай айылдык кеңешинин 18.06.2024 № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.06.2024 · № 23
- Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 42 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.12.2025 · № 42
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Программа · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 05.09.2025 · № 567
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон