Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 сентября 2025 года № 567 "Об утверждении Программы Кабинета Министров Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов Кыргызской Республики на 2026–2030 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-05.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-августу № 490 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 50,0 млн. (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражатын карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Программаны каржыласын;
- Программаны ишке ашырууга финансы каражатын караштыруу менен "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- 2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын 300,0 млн. сомдон кем эмес акча каражаттарын издеп тапсын жана бөлүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын заказчысы катары чыгуу жана бюджеттин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык каражат караштыруу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамлекеттик картография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси Программага ылайык тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын жана аймакты пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн М 1:5000 жана М 1:2000 масштабындагы топографиялык пландар менен камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги:
- белгиленген мөөнөттө тиешелүү аймактардагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, долбоордук уюмдар менен келишимдерди түзүү жана Программаны аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен зарыл болгон иштерди аткарууну камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иш чөйрөсүндө ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин жана техникалык ченемдерин иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу боюнча эл аралык жана башка инвестициялык донор уюмдар менен ишти туруктуу негизде жүргүзүп турсун;
- ушул токтомдун ишке ашырылышы тууралуу отчетту ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечирбей Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 28 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (28)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 14 "2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2020 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 05.09.2025 · № 567
- Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 112/23-28 “Орловка шаарынын жана Подгорное, Кашка калктуу конуштарынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.08.2023 · № 112/23-28
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 91/15-4 “Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга карата өнүгүү Программасын” бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 91/15-4
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28 "Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.08.2024 · № 32/V-28
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасыПрограмма · 28.12.2020 · № 34-12
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 17.11.2021 · № 269
- Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы № 37 Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык…Постановление · 04.06.2025 · № 37
- Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун аткарууга алуу жөнүндө"…Постановление · 27.06.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча чаралар…Постановление · 17.10.2024 · № 631
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-майындагы №80 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2025 · № 80
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 20-августундагы №101 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.08.2025 · № 101
- Савай айылдык кеңешинин 18.06.2024 № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.06.2024 · № 23
- Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 42 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.12.2025 · № 42
- А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-февралындагы № 30-1 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарынын иштеп чыгуу жөнүндөгү 2017-жылдын…Постановление · 11.02.2020 · № 30-1
- Чүй айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 34/10 "Чүй айыл аймагынын Арал айылынын генералдык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2024 · № 34/10
- Жаргылчак айылдык кенешинин Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө токтомуПостановление · 21.07.2025 · № 76
- Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-августундагы №10/2 "“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы…Постановление · 27.08.2025 · № 10/2
- Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы, №5/3, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы…Постановление · 29.08.2024 · № 5/3
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №127 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2026 · № 127
28 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча…Постановление · 05.09.2025 · № 567
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 января 2013 года УП №11 "О Национальной стратегии устойчивого развития Кыргызской Республики на период 2013-2017 годы"Указ · 21.01.2013 · № 11 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон