Алтын-Бешик айылдык кенешинин «Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян, Сай, Кыштут айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 16 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян, Сай, Кыштут айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө .
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №567 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесини жана айылдык кеңештин жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде. Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХX сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Курулуш архитектура жана турак жай коммуналдык чарба Министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура Департаменти тарабынан иштелип чыккан Таян,Сай,Кыштут айылдарынын башкы планы бекитилсин. 2 Бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын жерлерин максаттуу пайдаланууну жана архитектуралык-курулуш талаптарынын так сакталышы көзөмөлгө алынсын. 3 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин. 4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрайым | А. Матраимова |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.