Кулунду айылдык кенешинин «“Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура курулушу жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Кулунду айыл аймагынын жаңыдан даярдалган башкы пландарын бекитип берүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 27-марты № 129 “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура курулушу жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Кулунду айыл аймагынын жаңыдан даярдалган башкы пландарын бекитип берүү жөнүндө”
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №567 токтомуна ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХV сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенеши ХV сессиясынын отурумунун №15-протоколунун чечиминин 3-бөлүмүнүн 9-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура курулушу жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Кулунду айыл аймагынын жаңыдан даярдалган №157-02/2022 тартып 17.08.2022-ж Ак-арык айылынын, №156-02/2022 тартып 17,08,2022-ж И.Раззаков айылынын, №158-02/2022 тартып 17.08.2022-ж Кулунду айылынын, №159-02/2022 тартып 17.08.2022-ж Максат айылынын, 17,08,2022-ж Интернационал айылынын башкы пландары бекитилип берилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | А.А.Досов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.