Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
1. Санарип чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө текшерүүлөрдү жүргүзүү, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү болгон чечимдерди (административдик актыларды) кабыл алуу, ап эми ушул Кодексте каралган учурда уруксаттарды (лицензияларды) берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Кодекс төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын (тармактык жөнгө салуучулардын) ыйгарым укуктарын белгилейт:
1) жеке дайындар;
2) улуттук санарип экотутуму;
3) телекоммуникациялар.
3. Тармактык жөнгө салуучулар жөнүндө жоболор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Тармактык жөнгө салуучуну түзүүнүн жана ишин жүзөгө ашыруунун тартиби ал жүргүзгөн жөнгө салуунун көз карандысыздыгын камсыз кылууга тийиш.
5. Бир эле ошол тармактык жөнгө салуучу ушул Кодексте каралган бир канча чөйрөдө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыра албайт.
6. Ар бир тармактык жөнгө салуучу анын компетенциясына кирген чөйрөдөгү мамилелердин абалы жөнүндө, өзүнүн чечимдери жөнүндө, кадрдык жана финансылык ресурстары, алардын көлөмдөрү жана пайдаланылышы жөнүндө, пландалган иш-аракеттер жана чаралар жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө милдеттүү. Отчет тармактык жөнгө салуучунун сайтында жарыяланууга тийиш.
7. Тармактык жөнгө салуучулар тиешелүү чөйрөлөрдө окуу борборлорун түзөт жана алардын ишин камсыз кылат. Тармактык жөнгө салуучулардын окуу борборлору акысыз же гранттык негизде билим берүү жана агартуу иш-чараларын, илимий изилдөөлөрдү жана иш жүзүндө иштеп чыгууларды жүргүзөт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 30.01.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 695 "Санарип чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуларды аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2025 · № 695
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>