Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 30-январы № 46
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 9-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө жободо:
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктта "жеке маалыматтар массивинин кармоочуларынын (ээлеринин)" деген сөздөр "жеке жазмаларынын ээлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункттун 1-пунктчасында "жеке маалыматтардын массивинин кармоочуларынын (ээлеринин)" деген сөздөр "жеке жазмаларынын ээлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Окуу борборунун ишинен түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык системасындагы Окуу борборунун атайын эсебине түшөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Окуу борборунун атайын эсебиндеги каражаттарды сарптоо Агенттик менен макулдашылган, бекитилген сметалардын негизинде учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде Окуу борборунун директору тарабынан жүзөгө ашырылат.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 638 "Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик үчүн бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү менен бир убакта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 27.09.2022 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 30.01.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 22.05.2024 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" жобосуПоложение · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз…Постановление · 22.03.2023 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 27.09.2022 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 638 "Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин…Постановление · 18.11.2022 · № 638
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 22.05.2024 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз…Постановление · 22.03.2023 · № 157 · Күчүн жоготкон