Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
179-берене. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 21-глава
1. Телекоммуникациялык тарамдар менен байланышкан ишти жөнгө салуу жана мындай ишти көзөмөлдөө ушул Кодекстин 9-беренесинде белгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өз ишинде аларга карата өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган жактарга көз каранды эмес.
2. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, санарип технологиялары чөйрөсүндөгү квалификацияга, тажрыйбага жана билимге ээ болууга тийиш.
3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу:
1) Кыргыз Республикасында телекоммуникацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын ишке ашырат;
2) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясынын иш-милдеттерин аткарат;
3) мыйзамдарда белгиленген тартипте телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү өз алдынча жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенет;
4) телекоммуникациялардын операторлорунун иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматты чогултууну уюштурат;
5) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү лицензиялоо органынын иш-милдеттерин аткарат;
6) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн монополияга каршы мыйзамдарда каралган чараларды көрөт, аны менен бирге табигый монополиялардын субъекттеринин бааларын (тарифтерин) жөнгө салууну, анын ичинде аларды белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү жүзөгө ашырат;
7) телекоммуникациялык тарамдардын алкагында колдонулуучу санарип түзүлмөлөрүнүн, анын ичинде радиоэлектрондук каражаттардын шайкештигин милдеттүү тастыктоону уюштурат;
8) техникалык регламенттердин жана улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгат, актуалдаштырат, ошондой эле стандартташтыруу боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте эл аралык (региондук) стандарттарды колдонуунун техникалык талаптарын жана ченемдерин белгилөө менен улуттук стандарттарды каттайт;
9) телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарынын санариптик туруктуулугуна баа берет жана анын жыйынтыктарын жарыялайт;
10) радио жыштык реестриндеги жана номерлештирүү реестриндеги жазмалардын принципалдарынын ишинин мындай жазмалардын шарттарына ылайык келүүсүн мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүргүзөт;
11) радио жыштыктарды пайдалануунун жалпы өлчөөлөрүн жүргүзүү, берилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүү, жолтоолорду, санкцияланбаган радио өткөргүчтөрдү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик нурлануу булактарын аныктоо жана таануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында радио контролдоонун мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
12) телекоммуникациялар чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди жана башка адамдарды окутуу, квалификациясын жогорулатуу усулдарын иштеп чыгууга катышат;
13) Кыргыз Республикасынын аймагында радио жолтоолорду же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, башка мамлекеттердин телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен башка мамлекеттердин радиоэлектрондук каражаттарынын Кыргыз Республикасынын телекоммуникацияларынын радиоэлектрондук каражаттарынын операторлоруна жолтоо болуу таасирин четтетүүгө багытталган өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
4. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ишин каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен жана телекоммуникациялык сервистерди берүү боюнча алардын түшкөн акчасынын суммасынын 0,9 пайызы өлчөмүндөгү телекоммуникациялардын операторлорунун жылдык чегерүүлөрүнүн эсебинен (толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын 40 пайызы телекоммуникациялык тармакты өнүктүрүүгө, 60 пайызы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жумшалат), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн жөнгө салуучу иш-милдеттеринин ачыктыгына жетишүү үчүн өз сайтында телекоммуникациялык тарамдардын санариптик туруктуулугун баалоонун жылдык отчетун жана жыйынтыктарын жарыялоого тийиш.
6. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу анын ишине байланыштуу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик сырларга же мыйзам менен корголуучу башка купуя сырга киргизилген маалыматты жеке жана юридикалык жактардан сурап алууга жана акысыз алууга;
2) телекоммуникациялардын операторлорунан лицензиялык талаптарды сактоо боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;
3) телекоммуникациялык операторлордун же телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын, ошондой эле радио жыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазмалардын принципалдарынын укуктарын коргоо үчүн, анын ичинде адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн доо арыздары менен сотко кайрылууга жана сотто көрсөтүлгөн жактардын кызыкчылыктарын коргоого;
4) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды тергөөгө караштуулугуна ылайык укук коргоо органдарына жиберүүгө;
5) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
6) Кодексти бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактарды административдик жоопкерчиликке тартууга.
7. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) радио жыштык ресурсун жана номерлештирүү ресурсун пайдалануунун лицензиялык талаптарын жана шарттарын сактоону камсыз кылууга;
2) телекоммуникациялардын операторлору жана радио жыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазмалардын принципалдарынын ушул Кодекстин жоболорун сактоосун текшерүүнү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;
3) Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга;
4) улуттук коопсуздук, коргоо, коомдук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын операторлоруна жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга;
5) телекоммуникациялардын операторлорунун жана алардын телекоммуникациялык сервистерин пайдалануучулардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана аларды кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;
6) жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча ушул Кодексти жана ага ылайык кабыл алынган телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтында жарыялоо менен мындай түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
7) телекоммуникацияны өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана жарыялоого, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин типтүү тариздерин иштеп чыгууга жана жарыялоого.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин…Постановление · 01.11.2025 · № 713
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралы № 88 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.02.2026 · № 88
- КР Министрлер Кабинетинин 12.02.2026-ж., № 88 токтомуПостановление · № 88
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-179" title="179-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>