Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Тынчтык жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-декабры № 194
Тынчтык жөнүндө
(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын жоболору жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттерине жайылтылбайт:
- укук бузуулардын алдын алууга, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;
- долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;
- тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
- массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.
- 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин.
(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар Калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
- көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
- жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
3-берене. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
1. Ушул беренеде белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген куруу, оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
2. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3. Үн сигналдарына ченемдик талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу
1. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу Кыргыз Республикасынын тынчтыкты камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу жактар болуп ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн объекттердин жана (же) жайлардын менчик ээлери (жалдоочулар), тизмеги Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдары менен аныкталуучу көп батирлүү үйлөрдү башкарууну жүзөгө ашыруучу адамдар, ошондой эле кварталдык комитеттер саналат.
3. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга;
- турак жай курулушунун корголуучу аймактарында тынчтыкты бузуу жөнүндө акт түзүү жолу менен тынчтыкты бузган жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартууга катышууга. Тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт фото жана (же) видео жазууну тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берилет.
Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдардын өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле актынын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
5-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 23-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 62 · байланышкандар: 11
Цитата келтиргендер (62)
- Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын “29” августу № 24 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2025 · № 24
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII "Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2025 · № 49/ХII
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 67/8-29 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.08.2025 · № 67/8-29
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы № 21 "Ак-Башат айыл аймагынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүнд" токтомуПостановление · 29.08.2025 · № 21
- Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 30 "Тынчтык жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2025 · № 30
- Уч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 29-38 "Тынчтык жөнүндө” токтомуПостановление · 04.09.2025 · № 29-38
- Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу жобо (Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 токтомуна тиркеме)Положение · 04.09.2025 · № 69/13-6
- Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-августундагы № 01-5/40 "Кожомкул айыл аймагында “Тынчтык жөнундө” мыйзамын ишке ашыруу жөнундө" токтомуПостановление · 20.08.2025 · № 01-5/40
- Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 49 “Манас айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтомуПостановление · 03.10.2025 · № 49
- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/58 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын Сары-Өзөн айыл аймагында ишке ашыруу…Постановление · 08.09.2025 · № 01-7/58
- Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябры № 11/5 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабры №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы жөнүндө токтомуПостановление · 29.09.2025 · № 11/5
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 01-3/52 "Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу тууралуу" токтомуПостановление · 08.09.2025 · № 01-3/52
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №46/VIII-29 «Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу тууралуу» токтомуПостановление · 05.09.2025 · № 46/VIII-29
- Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын жана “Кыргыз…Постановление · 29.09.2025 · № 2
- Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 49/X "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 04.09.2025 · № 49/X
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 32/XI – 1 "Кайыңды шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө"…Постановление · 04.09.2025 · № 32
- Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 8/48 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө токтомуПостановление · 08.09.2025 · № 8/48
- Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 43/7-29 "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2025 · № 43/7-29
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 53-2 «Төрт-Гүл айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү каада-салттарын тартипке…Постановление · 05.09.2025 · № 53-2
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябры № 66 Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу…Постановление · 08.09.2025 · № 66
62 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу…Постановление · 10.09.2025 · № 1/11-47
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 270-VIII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине…Постановление · 11.03.2026 · № 270-VIII
11 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.