Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу тууралуу» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябрындагы №46/VIII-29
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Yй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын жана «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын, жарандардын тынчтыгын сактоо, коомдук тартипти коргоо жана жашоого ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.«Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген сааттарда бардык салтанаттуу иш-чараларды милдеттүү түрдө аяктоо жана ресторандар, банкеттик залдар, кафелер жана башка мекемелердин ишин толук токтотуу белгиленсин:
- иш күндөрү - 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - 22:00дөн 09:00гө чейин.
2. Түшүндүрүү иштерин уюштуруу айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына милдеттендирилсин:
- калктын, диний уюмдардын, кафелердин, ресторандардын, маданият мекемелеринин, ишкерлердин арасында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.
аймактык милиция инспекторлору менен
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин укук тартибин камсыз кылуунун социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Тынчтык жөнүндөЗакон · 06.12.2024 · № 194
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54