Кайыңды шаардык кеңешинин – 1 «Кайыңды шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 32/XI – 1
Кайыңды шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана тиешелүү иш-аракеттерди көрүү максатында, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1 Кайыңды шаарында “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3- беренесинин 2-пунктуна ылайык, саат 22:00 дон 07:00 чейин (дем алыш жана майрам күндөрү саат 09:00 го чейин) үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга тыюу салынсын.
2. Кайыңды шаарынын аймагында бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00 дон кечиктирилбестен токтотулсун.
3. Кайыңды щаарынын мэриясы тарабынан тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана эс алуучу коомдук жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн. 5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Тынчтык жөнүндөЗакон · 06.12.2024 · № 194