Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеңешинин «Төрт-Гүл айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү каада-салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырылышынын кезексиз ачык VIII сессиясынын
2025-жылдын 5-сентябрындагы № 53-2
«Төрт-Гүл айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү каада-салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө»
2022-жылдын 24-февралындагы №54 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылуу, калктын ашыкча чыгымдарына жол бербөө, коомдук тартипти жана санитардык жыргалчылыкты сактоо максатында Төрт-Гүл айыл аймагы кенеши ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагында үй-бүлөлүк иш-чараларды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө төмөнкүдөй сунуштар жана чектөөлөр киргизилсин:
· Иш-чараларды бир күндүн ичинде өткөрүү сунушталат, чакырылган коноктордун саны 150 адамдан ашпоосу керек;
· Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамына ылайык, саат 22:00дөн кийин ачык абада үн күчөткүч музыкалык аппаратураны колдонууга тыюу салынат;
· Бардык салтанаттуу иш-чараларды саат 22:00гө чейин аяктоо, ошондой эле кафе, бар, ресторан, жайкы кафелер, банкет залдары жана ушул сыяктуу жайлардын ишин толук токтотуу белгиленсин;
· Үй-бүлөгө каржылык оорчулук жараткан ашыкча чыгымдарды талап кылган ашыкча шаан-шөкөттүү иш-чараларды өткөрүү колдоого алынбайт.
2. Аза күтүү жөрөлгөлөрү (3, 7, 40 күн жана 1 жылдык):
· Коноктордун санын чектеп, кеңири дасторкондорду уюштурбастан, иш-чараларды жөнөкөй формада өткөрүү сунушталат;
· Негизги көңүл духовный мазмунга бурулушу керек: дуба кылуу, Куран окуу, насаат айтуу жана кайрымдуулук иштерин жүргүзүү;
· Көчмө үн күчөткүч аппараттарды көрүстөндөрдө жана турак жайлардын жанында колдонууга тыюу салынат.
3. Кафе, ресторан ээлери «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын жана коомдук тартип нормаларын бузган иш-чараларды өткөрүүгө жол бербеши керек. Кардарлар менен келишим түзүүдө санитардык, моралдык жана үн нормаларын сактоо тууралуу пункт сөзсүз камтылышы зарыл.
4. Төрт-Гүл айыл аймагынын УИМине (укук тартибин камсыз кылуу кызматтарына) салтанаттуу иш-чаралар учурунда коомдук тартип бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырылсын. Жарандардан түшкөн ызы-чуу, тынчтыкты бузуу жана коомдук тартипке байланыштуу кайрылуулар боюнча ыкчам чара көрүү.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсульдаевга жүктөлсүн.
Төрага
Ж.К. Маматкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Тынчтык жөнүндөЗакон · 06.12.2024 · № 194
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54