Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу жобо (Токмок шаардык кеңешинин токтомуна тиркеме)
Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 токтомуна тиркеме
Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу ЖОБО
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыгып, Токмок шаарынын аймагында жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун камсыз кылуу боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Жобонун максаты - тынчтыкты сактоо тартибин белгилөө, убакыттык чектөөлөрдү жана бузгандар үчүн жоопкерчилик чараларын аныктоо.
II Бөлүм.Коргоого алынган объектилер жана аймактар
3. Жарандардын тынчтыгы жана эс алуусу төмөнкү жайларда жана аймактарда корголот:
1) Көп батирлүү турак үйлөр жана алардын короо-территориялары;
2) Жеке турак үйлөр жана алардын жанындагы тилкелер;
4) Мейманканалар, отелдер, хостелдер, жатаканалар;
5) Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жана реабилитациялык мекемелер;
6) Санаторий-курорт мекемелери;
7) Жарандарды убактылуу жайгаштыруу объектилери.
III Бөлүм. Убакыттык чектөөлөр
4. Токмок шаарында жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузган аракеттерге тыюу салынат:
- иш күндөрү: саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү: саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген чегинен ашуусуна тыюу салынат.
IV Бөлүм. Тынчтыкты бузган аракеттер
6. Төмөнкү аракеттер тынчтыкты бузат деп эсептелет:
1) Үн чыгарган жана күчөткүч жабдууларды колдонуу (унаада, соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануучу жайларда, түнкү клубдарда, караоке жана башка жайларда);
2) Музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо, ышкырык, кыйкырык жана башка катуу үндөрдү чыгаруу;
3) Коопсуздук сигнализациялары же унаа сигнализациясы себепсиз иштеп кетип, өз убагында өчүрүлбөгөн учурлар;
4) Фейерверк, петарда жана башка пиротехникалык каражаттарды колдонуу;
5) Курулуш, оңдоо, жүк жүктөө-түшүрүү, көчүү, эмерек жылдыруу, тазалоо жана башка ызы-чуу менен коштолгон иштерди жүргүзүү;
6) Эмерек жылдыруу, оор буюмдарды ташуу, көчүү ж.б. иштерди белгиленбеген убакта жүргүзүү;
7) Жарандардын тынчтыгын бузган башка аракеттер.
V Бөлүм. Чектөөлөргө кирбеген учурлар
7. Бул Жобо төмөнкү учурларга колдонулбайт:
1) Өзгөчө кырдаалдардын, авариялардын алдын алуу жана коопсуздукту камсыз кылуу иш-чаралары;
2) Техникалык себептерден улам токтотулууга болбой турган өндүрүш иштерине (документ менен ырасталган);
3) Диний жөрөлгөлөрдү, анын ичинде азанды окууну жүргүзүү;
4) Расмий, маданий, спорттук жана башка көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү.
VI Бөлүм. Жоопкерчилик
8. Бул Жобонун талаптарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9. Тартипти сактоого көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар - Токмок шаардык Ички иштер бөлүмү, Токмок шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Токмок шаарынын мэриясы.
VII Бөлүм. Корутунду
10. Бул Жобо расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Токмок шаарынын аймагындагы бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга тийиш.
11. Укук берилген органдар ушул Жободо белгиленген талаптарды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) Токмок шаарынын мэриясы:
- ушул Жобонун талаптары боюнча калкты маалымдоону камсыз кылуу;
- жарандардын тынчтыкты бузуу боюнча даттанууларын кабыл алуу жана кароо тартибин уюштуруу;
- укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана мыйзам бузуу учурларын өз убагында алдын алуу;
- калк арасында алдын алуу иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
- турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүчү уюмдардын, көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТСЖ) жана башка коммуналдык кызматтардын иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу.
2) Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү:
- жарандардын тынчтыкты бузуу боюнча кайрылууларына жана даттанууларына өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу;
- ушул Жобонун талаптарынын бузулушу боюнча текшерүү жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү;
- укук бузуулардын эсебин жана алардын келип чыгуу себептерин талдоону уюштуруу, алдын алуу чараларын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуучуларга административдик чараларды көрүүнү камсыз кылуу.
3) Токмок шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү:
- транспорт каражаттарын пайдалануудагы жол берилген ызы-чуунун деңгээлин сактоо боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу;
- ашыкча ызы-чуу чыгаруучу автотранспорт каражаттарын колдонуу менен байланышкан мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- айдоочулар жана транспорт каражаттарынын ээлери арасында ушул Жобонун талаптарын сактоо зарылдыгы боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;
- мыйзам бузууларды алдын алуу максатында башка укук коргоо органдары жана Токмок шаарынын мэриясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.
Жооптуу катчынын у.м.а.
Ж.Т. Чечейбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Тынчтык жөнүндөЗакон · 06.12.2024 · № 194
- Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 69/13-6 «Токмок шаарынын аймагында тынчтыкты сактоо жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу тууралуу» Жобону бекитүү…Постановление · 04.09.2025 · № 69/13-6