Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 24-октябры № 640
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан айрым маселелер жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 5 жана 7-пункттарына, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 65-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясынын 4-главасынын 1-параграфына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык система жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасы жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бирдиктүү медициналык маалыматтык системада камтылган санариптик документтер юридикалык күчкө ээ;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык системадан сервистер акысыз негизде көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 31-декабрына чейин:
1) 2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык система жөнүндө ЖОБОПоложение · 24.10.2024 · № 640
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасы жөнүндө ЖОБОПоложение · 24.10.2024 · № 640
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90