Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык система жөнүндө ЖОБО
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 640 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык система жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын максаттарын, милдеттерин, түзүмүн, ошондой эле аны пайдалануучулардын жана техникалык оператордун милдеттерин аныктайт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген маанилердеги терминдер жана алардын аныктамалары пайдаланылат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) "Туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу санариптик медициналык күбөлүк" маалыматтык системасы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын туулгандардын, өлгөндөрдүн жана перинаталдык өлүмдөрдүн фактыларын каттоо жаатындагы саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
2) "Пациенттин санариптик медициналык картасы" маалыматтык системасы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медициналык-санитардык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
3) саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасы (мындан ары - РБУМС) - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын саламаттык сактоо уюмдарын жана алардын кызматкерлерин эсепке алуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
4) "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын баалоонун эпидемиологиялык платформасы" маалыматтык системасы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
5) лабораториялык маалыматтык система - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
6) "Иммунизация" маалыматтык системасы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалыматтык системасы;
7) "Психоневрологиялык/наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдарды эсепке алуу" маалыматтык системасы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдарды, ошондой эле психоактивдүү заттардан көз каранды адамдарды эсепке алуу боюнча психоневрологиялык мекемелердин жана наркологиялык уюмдардын ишине тиешелүү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган мамлекеттик маалымат системасы;
8) ден-соолуктун санариптик профили (паспорт) - жеке адамдын ден-соолугунун абалы жана ага көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө структураланган корголгон жеке медициналык маалыматтардын жыйындысы.
4. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык система (мындан ары - БММС) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык системалардын жыйындысын билдирет, алардын ортосунда зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) иши жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, жаңылоо, талдоо үчүн багытталган электрондук өз ара аракеттенүү камсыз кылынат.
БММС ээси болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат. БММС пайдалануу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин милдети болуп саналат.
5. БММС саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү төмөнкү мамлекеттик маалыматтык системалардан турат, алар бирге бирдиктүү санариптик контурду түзөт:
1) "Туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө санариптик медициналык күбөлүк" маалыматтык системасы;
2) "Пациенттин санариптик медициналык картасы" маалыматтык системасы;
3) саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасы;
4) "Эпидемиологиялык платформа" маалыматтык системасы;
5) лабораториялык маалыматтык система;
6) "Иммунизация" маалыматтык системасы;
7) "Психоневрологиялык/наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдарды эсепке алуу" маалыматтык системасы;
8) ден-соолуктун санариптик профили (паспорт).
6. БММС тиешелүү багыттар боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө маалымат булактарынын бири болуп саналат.
2. БММСнын негизги максаттары жана милдеттери
7. БММСнын негизги максаты өз милдеттерин жана функцияларын аткаруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын иш процесстерин автоматташтыруу болуп саналат.
8. БММСнын иштешинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медициналык-санитардык жардам жана/же коомдук саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүдө саламаттык сактоо уюмдары тарабынан түзүлүүчү медициналык документтерди санариптик эсепке алуу, анын ичинде, бирок чектелбестен: эмгекке жарамсыздык баракчаларын, амбулатордук, стационардык карталарды, туулгандыгы, өлгөндүгү жана перинаталдык өлүм тууралуу медициналык күбөлүктөрдү, медициналык-социалдык экспертизага жолдомолорду, лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын, алкоголдук жана/же баңгилик мас болууга карата медициналык күбөлөндүрүү актыларын, инфекциялык оорулардын келип чыгышы жөнүндө шашылыш билдирүүлөрдү, психоневрологиялык/наркологиялык диспансердик эсептерде тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкаттарды, вакцинациялоо жөнүндө сертификаттарды түзүү;
2) саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз ишинин процессинде түзүлүүчү кошумча документтерди санариптик эсепке алуу, анын ичинде, бирок чектелбестен: кадрларды эсепке алуу боюнча баракчаларды түзүү, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтардан көчүрмөлөр, өз иши жөнүндө отчеттук маалыматтар, медициналык кызматкерлерди кабыл алууга жазуу талондору, амбулатордук, стационардык карталардан көчүрмөлөр, эмдөө карталары;
3) саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү;
4) саламаттык сактоо уюмдарынын ишин башкаруу боюнча бирдиктүү механизмди түзүү жана автоматташтыруу;
5) медициналык-санитардык жардам же коомдук саламаттык сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүү процессинде саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери үчүн зарыл болгон маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу;
6) саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө статистикалык документтерди түзүүнү автоматташтыруу, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө жыйынды отчеттук маалыматтарды түзүү;
7) БММСны башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын локалдуу маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
3. БММСда иштелип чыгуучу жеке маалыматтар
9. БММСда төмөнкүдөй структурага ээ болгон жеке маалыматтар иштелип чыгат:
1) жеке маалыматтар:
а) жеке идентификациялык номери;
б) фамилиясы, аты, атасынын аты;
в) жынысы;
г) туулган күнү, айы, жылы;
д) үй-бүлөлүк абалы;
е) санариптик сүрөтү;
ж) жарандыгы;
з) улуту;
и) жашаган жана/же турган жери;
2) паспорттук маалыматтар:
а) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген датасы;
б) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти берген орган;
3) медициналык маалыматтар:
а) медициналык жардамга кайрылуу фактысы жөнүндө маалымат;
б) ден соолугунун абалы;
в) оорунун диагнозу;
г) иликтөөлөрдүн натыйжалары;
д) жасалма уруктандыруу жөнүндө маалымат;
е) психикалык ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат;
ж) медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат.
4. БММСнын функционалдык түзүмү
10. БММСда төмөнкү функционалдык модулдар бар:
1) "Санариптик медициналык күбөлүк" маалыматтык системасынын модулдары:
- туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
- өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүк;
- перинаталдык өлүм тууралуу медициналык күбөлүк;
2) "Пациенттин санариптик медициналык картасы" маалыматтык системасынын модулдары:
- медициналык кызматкердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу;
- катталган калк;
- медициналык-социалдык экспертизага санариптик жолдомо;
- санариптик эмгекке жарамсыздык баракчасы;
- санариптик амбулатордук карта;
- санариптик стационардык карта;
3) саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасынын модулдары:
- саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө маалыматтарды башкаруу;
- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды башкаруу;
- бюджеттик негизде окуудан өткөн медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү (жиберүү) жөнүндө маалыматтарды башкаруу;
4) "Эпидемиологиялык платформа" маалыматтык системасынын модулдары:
- шашылыш билдирүүлөрдүн санариптик багыты;
- эпидемиологиялык карталарды түзүү модулу;
5) лабораториялык маалыматтык системанын модулдары:
- лабораториялык анализдерди каттоо журналы;
- лабораториялык анализдердин тизмеси;
- лабораториялык анализдерди текшерүү;
6) "Иммунизация" маалыматтык системасынын модулдары:
- жүргүзүлгөн вакцинацияларды эсепке алуу;
- эмделүүчү адамдардын реестри;
- эмдөө карталарын түзүү;
7) "Психоневрологиялык/наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдарды эсепке алуу" маалыматтык системасынын модулдары:
- психоневрологиялык диспансердик эсепте турган адамдардын реестри;
- наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдардын реестри;
- алкоголдук жана/же наркотикалык мас болуу предметине медициналык күбөлөндүрүүнүн санариптик актысы.
5. БММС пайдалануучулары
11. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери БММС пайдалануучулар болуп саналат, аларга БММСда төмөнкүдөй функционалдык (пайдалануучулук) ролдор аныкталышы мүмкүн:
1) "Санариптик медициналык күбөлүк" маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- уюмдун жетекчиси;
- редактор;
- оператор.
Уюмдун жетекчисинин функциясы операторлор тарабынан текшерилген медициналык күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо болуп саналат. Редактордун функциясы операторлор киргизген медициналык күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды текшерүү болуп саналат. Оператордун функциясы медициналык күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат;
2) "Пациенттин санариптик медициналык картасы" маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- уюмдун жетекчиси;
- бөлүм башчысы;
- врач;
- медициналык айым;
- каттоо кызматы.
Уюмдун жетекчисинин функциясы "Пациенттин санариптик медициналык картасы" маалыматтык системасына киргизилүүчү маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун, тууралыгын камсыз кылуу болуп саналат. Бөлүм башчысынын функциясы медициналык кызматкерлердин кезметчилик графигин түзүү жана пациентке дарылоочу врачты дайындоо болуп саналат. Врачтын функциясы пациенттердин медициналык жардам алуу үчүн кайрылуулары жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат. Медициналык айымдын функциясы пациентке жасалган манипуляциялар жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат. Каттоо кызматынын функциясы медициналык кызматкерлердин эсептик жазууларын түзүү, алардын иштөө графигин түзүү жана пациенттерди медициналык кызматкерлердин кабыл алуусуна жазуу болуп саналат;
3) саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- уюмдун жетекчиси;
- кадрлар бөлүмүнүн кызматкери;
- финансы бөлүмүнүн кызматкери.
Уюмдун жетекчисинин функциясы өз уюмунун кызматкерлери үчүн эсептик жазууларды түзүү болуп саналат. Кадрлар бөлүмүнүн функциясы өз уюму жана анын кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат. Финансы бөлүмүнүн кызматкеринин функциясы кызматкерлердин эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат;
4) "Эпидемиологиялык платформа" маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- эпидемиолог врач;
- каттоочу.
Эпидемиолог врачтын функциясы эпидемиологиялык карталарды түзүү жана каттоочулар тарабынан түзүлгөн шашылыш билдирүүлөрдү ырастоо болуп саналат. Каттоочунун функциясы шашылыш билдирүүлөрдү түзүү болуп саналат;
5) лабораториялык маалыматтык системаны пайдалануучулар:
- лабораториянын жетекчиси;
- валидатор;
- лаборант.
Лабораториянын жетекчисинин функциясы тиешелүү лабораторияда жүргүзүлүүчү лабораториялык изилдөөлөрдүн тизмегин түзүү болуп саналат. Валидатордун функциясы лаборанттар киргизген лабораториялык анализдер жөнүндө маалыматтарды текшерүү болуп саналат. Лаборанттын функциясы лабораториялык анализдердин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат;
6) "Иммунизация" маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- иммунолог врач, жазууларды редакциялоо функциясы менен;
- врач, эмдөе карталарын түзүү жана вакцинациялоо маалыматтарын киргизүү функциясы менен.
Иммунолог врачтын функциясы "Иммунизация" маалыматтык системасына киргизилүүчү маалыматтардын жана дайындардын толуктугун, актуалдуулугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле туура эмес маалыматтарды актуалдаштыруу болуп саналат. Врачтын функциясы эмдөө карталарын түзүү жана вакцинациялоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат;
7) "Психоневрологиялык/наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдарды эсепке алуу" маалыматтык системасын пайдалануучулар:
- нарколог врач;
- психиатр врач.
Нарколог врачтын функциясы наркологиялык диспансердик эсепте турган адамдардын реестрине пациенттер жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана алкоголдук жана/же наркотикалык мас болуу предметине медициналык күбөлөндүрүү актысын түзүү болуп саналат. Психиатр врачтын функциясы психоневрологиялык диспансердик эсепте турган адамдардын реестрине пациенттер жөнүндө маалыматтарды киргизүү болуп саналат;
8) саламаттык сактоо уюмдарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган пациенттер ден соолуктун санариптик профилин (паспортун) пайдалануучулар болуп саналат.
12. Ушул Жобонун 11-пунктунун 1-8-пунктчаларында саналган БММС пайдалануучулар БММСга маалыматтар өз убагында, толук жана ишенимдүү киргизилгендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
6. БММС техникалык колдоо жана өнүктүрүү
13. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) техникалык оператор тарабынан жүзөгө ашырылуучу жеке маалыматтар менен бардык аракеттерди контролдоо, эсепке алуу жана отчеттуулук;
2) бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын пайдалануучулары маалыматтарды киргизүү үчүн жетүү мүмкүнчүлүгүн алуусун биргелешип салыштырып текшерүү тартибин аныктоо боюнча чаралар;
3) техникалык оператордун системалык ИТ-аудитин уюштуруу.
14. БММСны техникалык колдоо жана өнүктүрүү боюнча жетекчиликти техникалык оператор жүзөгө ашырат.
15. Техникалык оператор төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылат:
1) бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын серверлерин администрациялоо жана техникалык тейлөө;
2) маалыматтык системаларды пайдалануучулар үчүн ролдорду жана жетүү укуктарын ыйгаруу менен эсептик жазууларын түзүүнү камсыз кылуу;
3) бирдиктүү медициналык маалыматтык системаны пайдалануучулардын иши үчүн пайдалануучулук нускамаларды даярдоо;
4) бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын программалык-техникалык каражаттарынын иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана резервдик көчүрмөлөө;
5) бирдиктүү медициналык маалыматтык системаны пайдалануучулардын эсептик маалыматтарын башкаруу;
6) БММСнын коопсуз маалымат мейкиндигинде иштешин камсыз кылуу;
7) БММС пайдалануучулардын бардык категорияларын окутуу, консультацияларды берүү жана техникалык колдоо.
16. Техникалык оператор маалыматтардын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында маалыматтарды уруксатсыз кирүүдөн коргоо жана БММС маалымат базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын сактоо боюнча тиешелүү чараларды белгилейт жана көрөт.
17. Техникалык оператор БММС купуялуулугун бузгандыгы, уруксатсыз же максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
18. БММСда пайдаланылуучу маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары техникалык оператор тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.
7. БММС маалымат базасынын курамы
19. Маалымат базасынын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) бирдиктүү медициналык маалыматтык системада катталган пациенттер, саламаттык сактоо уюмдары жана алардын кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурстар, санариптик түрдөгү маалыматтар массивдери жана документтердин санариптик сүрөттөрү;
2) бирдиктүү медициналык маалыматтык системага маалыматтарды киргизүүнү, аны сактоону, маалымат базасын администрациялоону, пайдалануучулардын жетүү мүмкүнчүлүгүн жана башка маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу программалык-аппараттык чөйрө.
20. БММС маалымат базасын толуктоо тартиби реалдуу убакыт режиминде, зарылчылыкка жараша жүзөгө ашырылат.
21. БММСнын маалыматтары жеке мүнөздөгү маалымат болуп саналат жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголууга тийиш.
22. БММСда маалыматты коргоону камсыз кылуу үчүн пайдалануучулардын жетүү укуктарынын чегин ажыратуу механизмдери колдонулат. Бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын ар бир пайдалануучусу системада өзүнүн пайдалануучу аты жана паролу менен гана иштөөгө милдеттүү. Конкреттүү пайдалануучунун маалыматка жетүүсү анын аткарган функциялары менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө…Постановление · 24.10.2024 · № 640
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата…Постановление · 11.04.2018 · № 200 · Күчүн жоготкон