Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасы жөнүндө ЖОБО
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 640 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик сырларга кирген маалыматты кошпогондо, мамлекеттик жана медициналык маалыматтык системаларда камтылган маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн арналган бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасынын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктайт, ошондой эле бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасынын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген маанидеги терминдер жана алардын аныктамалары пайдаланылат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик маалыматтык система - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ээси же пайдалануучусу болуп саналган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишине тиешелүү маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн арналган маалыматтык система;
2) медициналык маалыматтык система - милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик башкаруу органдары жана ведомстволор тарабынан түзүлгөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары, муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары, жеке менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары ээси же пайдалануучусу болуп саналган саламаттык сактоо уюмунун ишине тиешелүү маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн арналган маалыматтык система;
3) бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасы - алардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү камсыз кылынган мамлекеттик жана медициналык маалыматтык системалардын жыйындысы;
4) бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасынын техникалык оператору - ушул Жободо көрсөтүлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү.
4. Бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасынын (мындан ары - БССЭ) катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке адамдар (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары);
4) БССЭ оператору.
5. БССЭни түзүү мамлекеттик жана медициналык маалыматтык системаларды (мындан ары - саламаттык сактоонун маалыматтык системалары) түзүү, өнүктүрүү, эксплуатациялоо жана алардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыздоо аркылуу жүргүзүлөт.
6. Ушул Жобонун 4-бөлүмүнө ылайык келбеген саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын эксплуатациялоого тыюу салынат.
Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу жүзөгө ашырылат.
7. Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптар (анын ичинде: берилүүгө тийиш болгон маалыматтарды берүүнүн тартиби, көлөмү жана эселүүлүгү) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2. БССЭнин максаттары жана милдеттери
8. БССЭнин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) маалыматтык системаларды пайдалануу менен саламаттык сактоонун мамлекеттик жана жеке секторлорунун ишин автоматташтыруу;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө жарандарга электрондук түрдө, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
9. БССЭнин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медициналык-санитардык жардам көрсөтүү системасында адам-борборлук мамилени колдонуу;
2) маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алууга көмөктөшүү;
3) саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө бирдиктүү жана ишенимдүү маалымат базасын түзүү;
4) саламаттык сактоо уюмдарынын ишин башкаруунун бирдиктүү механизмин түзүү;
5) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
6) саламаттык сактоо уюмдарынын алгачкы медициналык эсепке алуу жана статистикалык отчеттуулук системасын автоматташтыруу;
7) саламаттык сактоо уюмдарынын жана медицина кызматкерлеринин бирдиктүү маалымат базасын түзүү, жүргүзүү.
3. БССЭ катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
10. БССЭ катышуучулары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптарга ылайык эксплуатациялануучу мамлекеттик жана медициналык маалыматтык системалардын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
11. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууга алардын макулдугун алууну камсыз кылат;
3) саламаттык сактоонун маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү классификаторлорду жана маалымдамаларды түзүүнү жүзөгө ашырат;
4) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу процессин координациялайт;
5) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуунун алкагында БССЭ катышуучуларынын ишин координациялоо боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана саламаттык сактоо уюмдары жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууга алардын макулдугун алууну камсыз кылат;
3) медициналык маалыматтык системалардын мамлекеттик маалыматтык системалар менен шайкештигин камсыз кылат;
4) медициналык маалыматтык системаларда сакталган маалыматтардын өз убагында актуалдаштырылышын камсыз кылат;
5) медициналык маалыматтык системаларды "Түндүк" ЭВӨСкө туташтырууну жана аларды Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда каттоону камсыз кылат;
6) БССЭ операторунун дарегине БССЭге кошулууга өтүнмөнү медициналык маалыматтык система эксплуатациялоого киргизилген датадан тартып 3 (үч) күндөн кечиктирбестен берет;
7) БССЭ операторунун БССЭге кошуудан баш тартуусу үчүн негиз болгон себептерди жоет;
8) БССЭ оператору менен электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
9) медициналык маалыматтык системаларды техникалык колдоону жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат;
10) БССЭни түзүүнүн алкагында башка ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашырат.
13. БССЭ оператору:
1) Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууга алардын макулдугун алууну камсыз кылат;
3) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын техникалык-технологиялык деңгээлде шайкештигин ачык стандарттар, спецификациялар жана маалымат (электрондук документтерди) алмашуу протоколдору жөнүндө маалымат берүү жолу менен камсыз кылат;
4) БССЭ катышуучуларына уюштуруучулук жана методологиялык колдоо көрсөтөт;
5) мамлекеттик маалыматтык системаларды техникалык колдоону жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат;
6) мамлекеттик маалыматтык системалардын медициналык маалыматтык системалар менен электрондук өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
7) медициналык маалыматтык системалардын шайкеш эместиги жөнүндө маалыматты БССЭ катышуучуларынын дарегине жөнөтөт;
8) БССЭни түзүүнүн алкагында башка ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашырат.
4. Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларына карата талаптар
14. Саламаттык сактоонун маалыматтык системалары төмөнкүлөргө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарга ылайык келүүгө;
2) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптарга ылайык келүүгө;
3) медициналык документтерди түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык системада болгон маалыматтардын кагаз түрүндө тиешелүү медициналык документтерди сактоо үчүн каралган мөөнөттөрдүн ичинде сакталышын камсыз кылууга;
4) алар түзүлгөн датадан тартып кеминде үч жыл сакталган лог-файлдардын журналын жүргүзүүгө, мында БССЭ катышуучулары лог-файлдарды сактоо үчүн кыйла узак убакытты аныктай алат;
5) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген маалымдамаларды жана классификаторлорду камтууга;
6) эки тилдик версияга ээ болууга: мамлекеттик жана расмий тилдерде.
5. Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу тартиби
15. Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн БССЭ катышуучусу БССЭ операторунун дарегине БССЭге кошулууга өтүнмө берет жана электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзөт.
БССЭге кошулууга өтүнмөнүн формасы жана анын тиркемелеринин тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. БССЭ оператору өтүнмө келип түшкөн датадан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен талаптарга өтүнмөнүн формасынын, анын тиркемелеринин тизмегинин шайкештигин текшерүүнү жана өтүнмө ээсинин медициналык маалыматтык системасынын ушул Жобого жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптарга шайкештигин текшерүүнү жүргүзөт.
17. Өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин формалары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен талаптарга ылайык келген, ошондой эле өтүнмө ээсинин медициналык маалыматтык системасы ушул Жобого жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптарга ылайык келген учурда, БССЭ оператору менен өтүнмө ээси электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзөт.
18. Өтүнмөнүн жана/же анын тиркемелеринин формалары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен талаптарга ылайык келбесе же өтүнмө ээсинин медициналык маалыматтык системасы ушул Жобого жана/же саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын шайкештигине карата талаптарга ылайык келбесе, БССЭ оператору электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартат жана өтүнмө ээсине баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди жоюу зарылдыгы жөнүндө билдирет.
Өтүнмө ээси электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди жойгондон кийин БССЭ операторунун дарегине кайрадан өтүнмө берет.
6. Корутунду жоболор
19. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоо уюму - медициналык маалыматтык системанын пайдалануучулары өздөрүнүн маалыматтык системасынын коопсуздугу жана анда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын тизмегин жүргүзөт жана аны өзүнүн веб-сайтында жайгаштырууну камсыз кылат.
21. Медициналык маалыматтык системалардын ишиндеги тыныгуулардын жалпы узактыгы ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан тыныгууларды кошпогондо, айына 4 (төрт) сааттан ашпоого тийиш.
Медициналык маалыматтык системанын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгү анын жүрүшүндө токтотулуп тура турган пландуу техникалык иштерди жүргүзүү зарыл болгон учурда, БССЭ катышуучусу техникалык иштерди жүргүзүү датасына чейин 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес убакытта БССЭ операторунун дарегине тиешелүү кабарлама жөнөтөт.
22. БССЭ катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө…Постановление · 24.10.2024 · № 640
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата…Постановление · 11.04.2018 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген…Постановление · 21.11.2017 · № 760 · Күчүн жоготкон