Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 19 сентября 2025 года № 592 "О вопросах Государственной налоговой службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики и Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-19.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-августу № 531
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)
"Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бажылык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен биргеликте чаралардын системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды чогултат жана талдайт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшүндө бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшү боюнча методологияны жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- тейлеген тармагындагы чөйрөдө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;";
- 13-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бажы органдарынын тергөөсүнө караштуу кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин…Постановление · 19.12.2024 · № 773
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302…Положение · 10.12.2021 · № 302 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.07.2024 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин…Постановление · 19.12.2024 · № 773