2-берене
Күчүндө · 03.07.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 241-беренеде:
а) аталышы "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо, салык салуунун башка объекттерин кыйла өлчөмдө жашыруу, -";
2) 243-беренеге карата эскертүүдө "241-243" деген цифралар "242, 243" деген цифраларга алмаштырылсын.
Берененин тексти 03.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230009806/st-2" title="2-берене - Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>