Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6-сессиясы
2024-жылдын 14-июну № 23
Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жана жайытка акы төлөмдөрүн бекитип берүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндогүдөй болуп бекитилсин.Ири мүйүздүү мал үчүн 1 башына 100 сом
Кой-эчкилерге 1 баш үчүн -17 сом Жылкы 1 баш үчүн-100 сом 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 –токтомуна ылайык , Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосунун 3-пунктуна ылайык,айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусу менен комиссиянын актысынын негизинде 3000ден 5000миңге чейин баалары чегерилсин. Айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөнүп келген жайыт салыгы жайыт комитетинин бюджетинде калтырылсын.
2.Шекер айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жылга бюджети бекитилсин.
3. Элдерден мал чогултуп баккан жаран,жайыт пайдалангандыгы үчүн жайыт комитети менен келишим түзүлсүн.Ошондой эле ортонку жайыттарга эрте чыгып өнүп келе жаткан чөптөргө зыян келтирбөө максатында,жайыт комитетинин уруксаты менен жайытка чыгуу убактыларын так белгиленсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Таштаналиевге жүктөлсүн.
Төрага
К. Э. Иманалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Күчүн жоготкон