Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин «Муниципалдык ишкана жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 28
Муниципалдык ишкана жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби” жөнүндө токтомун аткарууга алып, бүгүнкү күндө ”Семетей” муниципалдык ишканасы түзүлүп, Юстиция Министрлигинен каттоодон өттү. Муниципалдык ишкананын типтүү уставы жана ЖОБОсуна ылайык, ЖПБ, таза суу, тазалык, жашылдандыруу, жайыт, СПАнын ж.б. калкка кызмат көрсөтүү тартибин жөнгө салуу максатында иш алып барууга 2 950 000 сом берүү жөнүндөгү Семетей муниципалдык ишкананын жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей муниципалдык ишкананын жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Семетей муниципалдык ишкананын расчеттук эсебине субсидияга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 950 000 сом акча каражаты которулуп берилсин.
3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага
Т.У.Джапаркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Күчүн жоготкон