Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Достук айылдык Кенешинин айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун 24-март айындагы Жайыт пайдалануучулардын келишимин бекитип берүү үчүн жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнундө токтому
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы ТОКТОМ
29.05.2025 № 1
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун 24-март айындагы Жайыт пайдалануучулардын келишимин бекитип берүү үчүн жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнундө
Достук айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” №30 Мыйзамынын негизинде, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52-токтомунун негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт жерлерди жана ички ирригациялык системаларды башкаруу, сугат жерлерге келишимдик шарттарда ээлик кылуу жана пайдалануу укугу айыл өкмөтунө өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735-токтомунун негизинде, Жайыттарды башкаруу жайыт пайдалануучуларга келишимдерди түзүү үчүн бааларды бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун 24-март айындагы Жайыт пайдалануучулардын келишимин бекитип берүү үчүн жазган билдирүүсү канааттандырылсын.
2.Достук айыл аймагынын Достук МИнин директору М.Маликовдун Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” №30 Мыйзамы, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52-токтомунун негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт жерлерди жана ички ирригациялык системаларды башкаруу, сугат жерлерге келишимдик шарттарда ээлик кылуу жана пайдалануу укугу айыл өкмөтунө өткөрүлуп берилгендиги жөнүндө, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735-токтомунун негизинде, Жайыттарды башкаруу жайыт пайдалануучуларга келишимдерди түзүү үчүн баалар тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышы Достук МИнин директору М.Маликовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
Р.Худайбердиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Күчүн жоготкон