40-статья. Психиатриялык стационардан чыгаруу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Пациентти психиатриялык стационардан чыгаруу ал андан ары стационардык дарылоо талап кылынбагандай сакайганда же анын психикалык абалы жакшырган, ошондой эле стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болгон текшерүү же экспертизалар аякталган учурларда жүргүзүлөт.
2. Ыктыярдуу түрдө психиатриялык стационарда жүргөн пациентти чыгаруу анын жеке өзүнүн арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча же дарылоочу врачынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
3. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган пациентти чыгаруу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу же мындай жайгаштырууну узартуудан судьянын баш тартуусу жөнүндөгү токтому боюнча жүргүзүлөт.
4. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган пациентти чыгаруу, соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.
5. Эгерде психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган тартипте ыктыярдуу эмес түрдө жайгаштыруу үчүн негиздер белгиленсе, психиатриялык стационарга ыктыярдуу түрдө жайгаштырылган пациентти чыгаруудан баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда анын психиатриялык стационарда болушунун, жайгаштырууну узартуунун жана стационардан чыгаруунун маселелери ушул Мыйзамдын 32-36-статьяларында жана 40-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте чечилет.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-40" title="40-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>